«Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев жана Адахан Мадумаровдор биригүү келишимине кол коюшту.
Алар жаңы саясий уюмду түптөө чечимин кабыл алышты. Ал уюмдан Кыргызстандын президенттигине жалгыз талапкер чыгарышат.
Маалыматка караганда, саясатчылар элдин биримдиги жана таза шайлоо үчүн аракеттерин бириктирүүнү каалашкан.
Жаңы уюм коомдук жана саясий күчтөрдү жана кайдыгер карабаган жарандарды катарына кошулууга чакырат.