Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 285


 

- Чыныбай Турсунбеков спикерлик кызматтан кол жууп калбайын деп тизгинин тарттыбы , же КСДПга каршы чыга алган жокпу?

 

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

 

“Атамбаевдин кайыгынан өзүнүн тагдыры байланган жерин бошотуп алды”

 

- Турсунбеков акыркы бир жылдын ичинде Атамбаевдин курсу менен макул эместигин элдин бардыгына эле айтып келген. Мисалы, Текебаевдин камалышы, же Конституцияны өзгөртүү боюнча аракеттер жана башка ушул сыяктуу. Бирок, бул киши биринчиден бизнесмен, андан кийин акын, андан кийин гана жаңы өсүп келаткан саясатчы. Аттанганга жараша катуу эле чыкса болмок. Бирок чыга албады, же ары, же бери эмес, көпчүлүккө шылдың да болду. Эмне болгон күндө дагы, негизги максатына жетише алды: Атамбаевдин кайыгынан өзүнүн тагдырын байланган жеринен бошотуп алды.

 

Эркин Булекбаев, “Жашылдар” партиясынын лидери:

 

“Өз алдынча саясат жүргүзө албаганынын  азабын тартты”

 

- Мен бир гана нерсе айта алам. Чыныбай Турсунбеков  өз алдынча саясат жүргүзө албаган саясатчы болчу. Бу сапар да так ошол өз алдынча саясат жүргүзө албаганынын  азабын тартты.

 

Жолдошбек Токоев, журналист-аналитик:

 

“Саясат менен бизнести телегейи тегиз кылып алып кетүү өтө татаал иш”

 

- Саясат деген сасык экенин эл жакшы билет, ал жакта баары боло берет. Саясатта бүгүнкү тилектешиң эртең душмандаш болот. Турмушта деле ушундай көрүнүштөр көп эле. Чыныбай Турсунбековдо президент болом деген ой болгону чын. Орус кол башчысы Александр Суворов “генералдыкты эңсебеген солдат солдат эмес”" дегендей, президенттик креслону эңсегендер көп эле болот. Ч.Турсунбеков да саясатта алты жыл ичинде дымагы арбыды. Негизи мансаптын табияты ошондой болот ар бир инсанда, ар бир элде. Биздин заманга чейинки доордун V кылымында Фарс улутундагы Иран шахы Кир дүйнөгө үстөмдүк кылууну каалаган, андан соң грек Александр Македонский болгон. Бул эки адам мансапка азгырылып отуруп дүйнөнүн башкаргысы келишкен,  бирок кыялдары ишке ашкан эмес. Ошол сыяктуу көп адамдардын кыялары орто жолдо калат. Ч.Турсунбеков бийликтин бир бутагын башкарып турат, бул да мансап чынында. ЖК спикери өлкөнүн экинчи адамы. Эми, КСДП С.Жээнбовду чоң казатка алып чыккандан кийин, Ч.Турсунбеков  чындап партияга, элге күйсө партиясынын максатын көздөгөнү оң. Анын үстүнө Ч.Турсунбеков бизнесмен, бизнесте сөзсүз мыйзам бузуу, салыкты жашыруу деген бар. Саясат менен бизнести телегейи тегиз кылып алып кетүү өтө татаал иш. Мениче ушул факторлор Ч.Турсунбеков өзүн-өзүн токтотууга аргасыз кылды.

 

Шайырбек Маматокторов, коомдук ишмер:

“Турсунбеков КСДПнын ичиндеги бир нече депутат же саясатчылардын сүрөөнүнүн курмандыгы болду”

 

- Чыныбай Турсунбеков кайсы бир саясатчылардын кеңештерине "эрденип", айрыкча, орусиялык Матвиенко айымды Кыргызстанда тоскон кезде, өзүн "чоң саясатка " аралаша түшкөндөй сезип, бир аз "саясий эйфорияга " берилип кетти окшойт. Анын үстүнө, мөөнөтү бүтүп бара жаткан Атамбаевдин ордуна көз арткан 3-4 саясатчынын катарында экени сыр деле эмес болчу. Бирок, "эл дарбыса, эшек кошо дарбыйт... " деген сыяктуу, чоң мелдешке катышууга бул киши да кадыресе аттанып алган экен. Акчалуу адам сөзсүз түрдө саясий амбицияга ээ болот. Айрыкча Кыргызстанда. Ошондуктан, КСДПнын ичиндеги бир нече депутат же саясатчылардын сүрөөнүнүн курмандыгы болду окшойт. Себеби, саясий талаадагы күчтөрдүн бүгүнкү абалы, же деги эле бүгүнкү саясаттын чынгы чоо-жайы таптакыр башкача. Ошентип, "той да болот, тойдун эртеси да болот " демекчи, КСДПнын сьездинде күпүлдөгөн Чыныбай Турсунбеков  ошол замат “саясий изгойго” айланды. Артык кылам деп, тыртык кылып алганына көзү жетти. Мисалы, бул адамды сүрөгөн саясатчылардын бири, так ушул абалды көздөп жаткандай. Себеби, эми ал саясатчы өзү спикер болуп калышы мүмкүн. Ал эми бул кырдаалдан бир гана нерсе аныкталды - КСДПнын ички талаш-тартыштары, бирдиктүү тартип же саясий багыт жоктугу. Атамбаевдин командасы идея үчүн эмес, кызыкчылыктар үчүн гана топтолгон чабал саясатчылар экендиги ашкереленди. КСДП көрсөткөн талапкерди партиянын 50% да колдобойт экени да сыр болбой калды. Ошондуктан, тымызын да, ачык түрдө да ксдпчылардын лөктөрү башка саясий күчтөр менен келишимге барууга аркеттенип жатышат. Себеби, КСДПнын келе жаткан шайлоодо жеңип чыгууга өз күчү жетпесине көздөрү жетип эле турат.

 

Алга Кылычов, коомдук ишмер:

 

“Чыныбай Турсунбеков партиялаштардын чечиминен чыгалбады же ал чечимди сыйлады”

 

- Партиядагы эң күчтүү, артка кайтарылбай турган чечим партиянын съезди болуп саналат. Ачыгын айтсак, партиянын кайсы мүчөсү болсо да кадырына, кылган кызматына карабай курултайдын чечимин жокко чыгарып, каршы болууга укугу жок. Төрт дубандан келген делегаттар бир ооздон Сооронбай Шариповичин кандидатурасын колдоого алышканын баарыңыздар билесиздер. Менимче Чыныбай Турсунбеков партиялаштардын чечиминен чыгалбады же ал чечимди сыйлады.

 

Бакыт Сакыбаев, журналист:

 

“Чыныбай “акунич” туура кылды”

 

- Чыныбай ага көп саясатчылардан айырмаланып,  өтө зирек киши да. Акыбалды алдыртан туюп, билип турат. Албетте, өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабайын деген сезимдерден "акыл" менен жети өлчөп бир кесүү токтоолук мүнөзү жеңди го. Анткени, ушу заманда өйдө тартсаң арабаң сынат, ылдый баштансаң атың өлгөнү жатса, акылың анан акчаң ашып-ташып баратса, шайлоодо караламан калкка президенттик талапкерликтен көрө акыл, сабыр, токтоолук менен мамиле кылгандан өткөн баатырлык жок го. Бул жагынан алганда, Чыныбай "Акунич" туура кылды. 59 талапкердин бир тобу деле элдин биримдиги, тынчтыгы, өз салмактары, стабилдүүлүк үчүн бөлүнүп-жарылбай баары бир жеңден кол чыгарышса абдан жакшы болмок.

Ал эми спикерлик кызматтын кызыкчылыгы болбош керек. Эгерде ал ойлор болгон болсо, ат салышууга деле кам көрмөк эмес да.

 

Нуразиз Шайырбек, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү:

 

“Спикерибизде күчтүү саясий эрктин жоктугу болду”

 

- Биринчи, спикерлик кызмат орун жөнүндө токтолсок, Кыргызстан мыйзамга ылайык парламенттик өлкө. Ал эми парламенттин спикери өлкөдө саясий аба ырайын жаратуучу саясий фигура. Тилекке каршы, азыркы спикерден күчтүү саясий фигураны, эрктүү саясатчыны көрө албай турабыз. Чыныбай Акуновичтин шайлоодон баш тартуусуна менимче көп факторлор түрткү болду: Президент тарабынан колдоонун жоктугу; туруктуу электоратынын жоктугу; Кыргыз элитасынын ичинде союздаштарынын аздыгын жана башка мисалдарды айтсак болот. Эң негизги себеп, спикерибизде күчтүү саясий эрктин жоктугу болду.

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: "Майдан. kg" гезити