Борбор калаабызда маалымат жыйынын берген президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов башкаруу системасын ѳзгѳртүү ниетин шардана кылды. «Башкаруу системасы же президенттик, же парламенттик болушу керек. Мен президент болгондо бул маселе коомдук талкууга коюлат. Элибиз референдумда президенттик же парламенттик республика болорун аныкташы керек. Кыргызстан башкаруу формасын аныктап алмайынча, эч кандай жакшы нерсе болбойт», - деди ал. Жадакалса ал «Эгерде мен президент болсом» дебей, «мен президент болгондо» деп Кудайдан кепилдик алып алгандай сүйлөдү.


Мына ушул сыяктуу эле пикирин ал «Республика-Ата Журт» партиясынын курултайында да айткан болчу. Анда «Мен президент болсо же президенттик кызматты, же премьер-министрлик кызматты жоем» деген эле.
Мындан улам, Бабановдун көздөгөнү эмне болушу мүмкүн деген суроо жаралат. Бүгүнкү күндөгү Конституциябыз боюнча өлкөбүз парламенттик башкаруудагы өлкө болуп саналат. Демек, өткөн жылдын акыркы айында элибиз ансыз деле бизге кандай башкаруу формасы керек экендигин аныктап алган да. Анда неге Өмүрбек мырза кайрадан эле бул маселени көтөрүп атат?


Анын айтып аткандарына анализ жүргүзүп, ошону менен катар эле бүгүнкү күндө биз парламенттик системада жашап атканыбызды эске алганда, Бабановдун көздөгөнү кайрадан эле президенттик башкарууну кайтарып келүү болуп атканын түшүнсөк болот. Ошондо ал бизди кайрадан Акаевдин, Бакиевдин режимине кайтарып баргысы келип аткан болобу?


Президенттик башкаруу элибизге, мамлекетибизге кандай таасир алып келе турганын би зэки жолку качкын президенттердин тушунда көрдүк. Элибиз эркиндикти, демократияны сүйгөн эл болгондуктан бир адамдын, бир үй-бүлөнүн гана башкаруусуна эч качан макул болбой тургандыгын байкадык. Андыктан Бабанов кайтарып баргысы келип аткан президенттик-авторитардык режимге эми кайтып барууга элибиз жол бербейт. Балким, Бабановдун шайлоо алдындагы дал ушул аракети анын шайлоодо ала турган добуштарына терс таасирин тийгизип коюшу толук мүмкүн.