Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 196

 

Бабанов маалымат жыйынын өткөрүп, анда өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков да башка талапкерлердин катарында, ээлеген кызматын бошотуп, анан президенттик шайлоого барышы шарт экенин айтты.

 

«Жээнбеков талапкер болгондон кийин кызматын тапшырышы керек. Ал дагы шайлоого башка талапкерлердин катарында барсын. Эгер кызматын тапшырбаса, административдик ресурс колдонушат. Мен мындай вариантты сунуш кылмакмын: учурдагы вице-премьер-министрлердин арасында партия менен байланышы жоктор да бар. Ошолордун бирин премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындоо зарыл. Өкмөт кышкы-күзгө мезгилге даярдык көрүшү керек. Укук коргоо органдары кайсы бир талапкердин таламын талашпай, тынчтык менен стабилдүүлүктү камсыздашсын», - деди ал.

 

Ошондой эле Бабанов парламенттин кезексиз сессияга чогулаары тууралуу маалыматы жоктугун айтты. Жээнбековдун да кызматын тапшырууга ниеттенип атканын уга элек.

 

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

 

Учурда 50дөн ашуун талапкер БШКга кайрылды.