Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 364

 

Өмүрбек Бабанов маалымат жыйынын өткөрүп, өзү тууралуу имиштерге жооп берди.

 

Ал кайсы саясатчы менен бириге алаарын айтты.

 

«Менин идеямды колдогон бардык саясатчылар менен биригүүгө даярмын. Саясатчы өлкөнү бириктирүү жолун ойлонушу керек. Айрымдар Кыргызстандын президентинин укуктары аз деп ойлошот. Бул жаңылыштык. Президентте абдан көп укук бар. Анын партиясы парламентте отурса, андан да көп. Кыргыз президенти  Англия ханышаасы эмес да. Кыргызстан башкаруу формасын аныктап алмайынча, өсүш болбойт. Бир институт лидерликти колго алышы керек», - деди Бабанов.

 

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

 

Учурда 50дөн ашуун талапкер БШКга кайрылды.