Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 175

 

“Майдан. kg” : Президент Атамбаевдин көл жээгиндеги басма сөз жыйыны бир тараптуу гана болду деген  сөздөргө кошула аласызбы? Анын жүрүшүндө КТРК жетекчиси Илим Карыпбековдун кошоматчылыктын жогорку үлгүсүн көрсөтүп сөз сүйлөгөнү мындай форматтагы пикир алышууга туура келеби? "Кошоматчылыгын ансыз деле КТРК аркылуу көрсөтүп жатат, ошол жакта эле уланта бербейт беле”,- деген кеп туура эле айтылып жатабы?

 

 

Жолдошбек Токоев: Ар бир өлкөдө мамлекеттин саясатын жүргүзүүчү өздөрүнүн ММКсы болот. Себеби, мамлекет эмне кылып жатканын элге маалымдаш керек. Бирок КТРКнын совет доорундагы советтик идеологияны жүргүзүп жаткандай аракети А.Акаевдин мезгилинен бери көнүмүш илдетке айланган. Бирок, бизде Кыргызстанда эркин гезиттер арбын, жеке менчик телевидениелер бар. Булар мамлекеттик ММКнын атаандаштары. Бул эркин гезиттер бийликтин кемчилдигин сындап келишет. Эки тараптан маалымат алышкан эл өздөрү калчап  кимисиники туура, кимисиники жалган экенин билип алышат. Эми Илим Карыпбековдун эмне деп сүйлөнөнүн уккан жокмун, бирок түшүнүп эле турам, ал мамлекеттик кызматкер болгондон кийин, казынадан жан багып, кызматтык ишинен пайда көрүп жаткандан кийин - аргасыз бийликти жактап сүйлөт. Антпесе Илим кызматынан  кол жууйт. Бизде бир адат бар, кызматка турганда бийликти мактайт, чөгөлөйт, кокус бийликтен кетсе эле дароо оппозиция тарапка өтөт. Мындай эки жүздүүлөр саясатта кыжып жүрөт. Бирок, менин баамымда  элдин көбү КТРКнын көп маалыматтарына ишене бербейт, ага караганда абройлуу эркин гезиттердин маалыматын туура деп эсептешет.

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити