Ар дайым калыстыкты тутунуп келе жаткан, гезитибиз аркылуу коомубуздагы коомдук-саясий окуялар боюнча акыйкат позициясын айткандан тартынбаган, чыныгы эл уулу, Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын көч башында тургандардын бири, жакшы дос, мыкты ишмер Сабыр Муканбетов агабыздын бүгүн туулган күнү экен.
Бири кем 60ка чыгып калыптыр. Эске бир окуя түштү. Бир саясатчы сураныптыр, “Сабыр, мени да колдоп сүйлөп койчу, кадырымды көтөрчү”,- деп. Дагы бирлери: “досуңду колдоп митингге чыкпай койдуң”- дептир. Ошондо Сакебиз: “ээ достор, менин дагы аксакал жашым жакындап калган. Байрак көтөрүп, “кетсин” деген күндөр да болду. Башымдан көп нерсе өттү. Бирок, Платондун “досум го сенсиң, бирок чындык сенден улуу”- тейдеги кеби тегин жерден айтылбайт. Эгер мен жон гана достук үчүн бириңди мактап, биринди колдоп митингге чыксам, эл бетин карай албай калам. Ошондуктан, силер тууралуу мындан ары чындыкты гана айта алам”,- деп так бурулуп басып кеткени эмне деген эрдик? Сабыр байке дагы көптөгөн эксперттерге ошкоп тигини мактап, муну жактап акчаны күрөктөп алып жата берсе болот беле? Ушунун өзүнөн эле Сабыр Муканбетов канчалык бийик адам экени даана көрүнүп турат. Кечээ байлынышып, сурадык, “Сабыр байке, туулган күн келатыптыр, элге не дейсиз?”- деп. “Элим билсин, мен чындык жолунан кайтпай, “Майдан” аркылуу ар бир санда адилет аналитикамды берип турам. Мени ардактаган, мен сыйлаган “Майданга” рахмат. Ушул гезит гана чындыкты айта алат!”,- деди. Күтөбүз, туулган күн кут болсун, Сабыр мырза!
“Майдан-пресс”, Булак: «Майдан.kg» гезити