Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 244

 

«Майдан.kg»: Президент Атамбаевдин көл жээгиндеги басма сөз жыйыны бир тараптуу гана болду деген  сөздөргө кошула аласызбы? Анын жүрүшүндө КТРК жетекчиси Илим Карыпбековдун кошоматчылыктын жогорку үлгүсүн көрсөтүп сөз сүйлөгөнү мындай форматтагы пикир алышууга туура келеби? "Кошоматчылыгын ансыз деле КТРК аркылуу көрсөтүп жатат, ошол жакта эле уланта бербейт беле”,- деген кеп туура эле айтылып жатабы?

 

 

Каныбек Осмоналиев: Президенттин акыркы маалымат жыйынынан мен бир топ акыйкат жана адилет пикирлерди, келечекке болгон каалоо-сунуштарды күткөн элем. Тилекке каршы, андай болбоду. Бир жактуу эле мактанган монолог болду. Чет элдик компания болуп эсептелген “Русгидронун” дарегине айтылган “гавканье” деген сөзү эмне деген шумдук! Аны өзү алып келбеди беле? Президент кызматынан мыйзам чегинде кетип жатат, конституциялык мөөнөтү бүтүп. Артында эли калып жатат, ордуна башкасы келет. Турмуш улана берет дегендей. КТРК жөнүндө сөз айткандан жийиркенип калдым! Жаңы эле Ош, Жалал-Абад аймактарын кыдырып келдим. КТРКны ушундай жек көрүшөт экен! Мурда мынчалык деп ойлогон эмесмин. Кошоматчылык деп жумшак айтылып жатат! Мен карапайым элге кандай калпычы жек көрүндүгө айланганын көрдүм. Ошондуктан КТРК жөнүндө сөз дагы айткым келбейт!.

 

 

Булак: «Майдан.kg» гезити