Бүгүн, 24-июлда, рездинецияда президент Атамбаев маалымат жыйынын өткөрөт. Бул анын президент катары акыркы маалымат жыйыны.
Жыйынга жалпысынан ММКлардын 70 өкүлү чакырылган. Арасында, оппозициялык маанайды кармап, курч суроо берүүгө дарамети жеткендер аз.
Маалымат жыйынга кирген журналисттердин телефонун алышып, камерага тартууга да тыюу салынган. Бийлик башындагы алты жылда эмнени аткарып, эмнени унутуп калганы тууралуу отчет берүүгө камылга көргөн Атамбаев өзүнө караштуу журналисттерге, видео-аудиосуз эмнелерди айтып берээри кызык жаратууда.
Өзү белгилеп келгендей, ал Кыргызстанды алты жылда алдыга сүйрөгөн болсо, баарын жаап-жашырбай ачык айтууга эмнеге болбосун. Башка жээктин журналисттеринен жашынып, өз тобуна калкаланган президенттин жооп бергиси келбеген суроолору бар шекилдүү.