Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 170

 

Алгачкылардан болуп кол чогулткан Темир Сариев документтерин БШКга тапшырды

 

Алгачкылардан болуп кол чогулткан Темир Сариев документтерин БШКга тапшырды 


Маалыматка ылакыйык, бир нече кутуларга топтолгон кол тамгаларды талапкер командасынын коштоосунда алып келген. Эми, Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүн ичинде кол тамгаларды текшерүүдөн өткөрүп, жыйынтыгын чыгарышы керек.  Мындан кийин Темир Сариев мамлекеттик тилден экзамен тапшырат. 

 

Талапкер Темир Сариев өзүнүн жеңишине ишенет. Ал, кол чогултууда салым кошуп, жардамын бергендерге жана кол тамгасын коюп ишеним арткан жарандарга ыраазылыгын билдирди.

 

«Биздин команданы колдоп, жакындан жардам бергендерге ыраазычылык билдирем. Кол топтоо процессине элдер аябай активдүү катышты, бул абдан маанилүү. Мен, атаандаштык шайлоону таза өткөрүүгө ишенем”, - деген Темир Сариев башка атаандаштарына ийгилик каалады. 

 

 

Талапкерди каттоодо мыйзам эрежеси боюнча 30 миң адамдын колу болуш керек болсо Темир Сариев ал талаптарды толугу менен аткарды.

 

 

INTER.KG