Текебаевди колдогон мурдагы саясатчылардын баарынын өткөн турмушунда кара тагы бар, алар эски коррупциялык системаны кайра орнотууну каалашууда.
Мындай пикирин саясий серепчи Марат Казакпаев K-News агенттигине билдирген.
Анын айтымында, сотко күбө катарында чакырылган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн көрсөтмөлөрүн терең караш керек, анткени, көрсөтмө берип аткандардын баарынын репутациясында кара так бар.
«Анткени, Атамбаевдин убагында эски коррупциялык система колдонулбай калды. Алардын баары Текебаевге жан тартуу менен бийликте, бийлик жеминде калууну каалашууда. Ошондуктан Текебаевди колдошуп атышат», - деген саясий серепчи аталган агенттикке.