Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 261

 

Бүгүн, 18-июлда, Улуттук филармонияда «Ата Журт» партиясынын сүезди өтүүдө. Андагы негизги маселе – партиянын атынан президенттик шайлоого талапкер чыгаруу.

 

«Мен акыл айтпайм, мен эки лидер тууралуу айтам. Чалынып, жыгылышты, абакка да отурушту. Экөөнө тең адвокат болгон киши катары айтайын», - деген Бекназаров Ташиев жана Келдибековго саясий куугунтук тууралуу көз карашын ачыктады.

 

«Ташиев эмне үчүн камалды? Кыргыздын кен байлыгы, «Кумтөр» кени үчүн. Келдибеков эмнеге камалды? Ал Россиядагы кыргыз мигранттарга жакшы болсун деп парламенттин ал жактагы атайын өкүлчүлүгүн ачууда 89 депутаттын колу коюлган токтомго кол койгону үчүн камалды», - деди Бекназаров.

 

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

 

Учурда БШКга президенттикке талапкерликке өзүн көрсөтүп жана партиянын атынан арыз жазгандардын саны 30га чукулдап калды.