Бүгүн, 18-июлда, Улуттук филармонияда «Ата Журт» партиясынын сүезди өтүүдө. Андагы негизги маселе – партиянын атынан президенттик шайлоого талапкер чыгаруу.
«Менин шайлоого катышууга укугум бар. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Азыр сотторго эч ким ишенбейт, анткени, алар мыйзамга эмес, жогорку жактын көрсөтмөсүнө таянышат», - деди Келдибеков.
Эске салсак, айрым маалымат каражаттары Жогорку сотко таянып, Келдибековдун соттолгондугу ноябрда жокко чыгаарын, ошондуктан, президенттик шайлоого катыша албастыгын жазып чыгышкан.
Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.
Учурда БШКга президенттикке талапкерликке өзүн көрсөтүп жана партиянын атынан арыз жазгандардын саны 30га чукулдап калды.