Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 181

 

Бүгүн, 18-июлда, Улуттук филармонияда «Ата Журт» партиясынын съезди өтүүдө. Андагы негизги маселе – партиянын атынан президенттик шайлоого талапкер чыгаруу.

 

«Ата Журттан»  президенттикке талапкерликке Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековдун талапкерлиги сунушталды. Жыйынтыгы, делегаттардын добуш берүүсүнө жараша болот.

 

«Кыргызстанда эки жолу бийлик алмашты, бирок, эл турмушу жакшырган жок. Жакшырмак тургай, кайра жакырчылыкка баратабыз. Кыргызстан сырттан карызды алуу жагынан «чемпион» болду. Биз урпактарыбызга мураска карызды өткөрүп беребизби? Өзүбүздү эле эмес, эртещки муунду, бүгүнкү бөбөктөрдүн келечегин ойлошубуз керек. Эгер мындай темп менен кетсек, жакынкы жылдарда тышкы карызыбыз сегиз миллиард долларды чапчыйт. Буга кадр маселеси чалагайым болуп атканы себепкер», - деди Келдибеков.

 

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

 

Учурда БШКга президенттикке талапкерликке өзүн көрсөтүп жана партиянын атынан арыз жазгандардын саны 30га чукулдап калды.