Бүгүн Туруктуу элдик кеңештин курултайында саясатчы Азимбек Бекназаров Кыргызстан дагы деле парламенттик башкарууга өтө электигин билдирди.
Айтымында, Жогорку Кеңеш Атамбаевдин мыйзам чыгаруу органына айланып калды.
«Депутаттардан кечирим сурайм, бардыгы деп айтпайм, бирок, Атамбаевдин айдаган жагына баскандар бар. Президент мурдагы жан сакчы, шоопур, катчыларын КСДПга киргизип, чоң кызматтарга даярдоодо. Депутаттарды, президентти алмаштырганыбыз менен мындай авторитардык режим алмашылбаган бойдон калды», - деди Бекназаров.