Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1551

 

 

 

 

 

 

- “Next ТВ” телекомпаниясынан кеткен көрсөтүүдө сиз 2007-жылы Феликс Кулов менен Темир Сариев трайбалисттик ураандарды көтөрүп, трайбалисттик ураандарды көтөрүп, “Бирдиктүү фронтту” бузуп ийишкенин, бул өз кезегинде граждандык согуш коркунучун жаратканын жар салдыңыз. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Кененирээк токтолуп кетсеңиз...

 

- Ооба, ошентип айткам. Темир Сариевди бирөө мактап атпайбы, ошол апрель күнү аянтта жалгыз калган деп. Мен: “Ооба, ал киши - мыкты спортсмен, эр жүрөк, аны эч ким тана албайт. Бирок башка суроо - Темир Сариев ошол аянтка эмне үчүн чыкты эле? Эмнеге алар жарандык согуштун коркунучу болуп турганда, Феликс Куловду колдошкон?» - деп сурагам. “Реформалар үчүн” деген кыймыл менен 2006-жылы жазында-күзүндөкөп митингтерди уюштурганбыз. Ошол кезде Феликс Кулов добушун анчалык деле чыгарган эмес. Бирок, кийин өзү жумуштан түшүп калганда, оппозицияны экиге бөлгөн. А.Атамбаев, Р.Отунбаева, Ө.Бабанов, А.Бекназаров болуп биз бир тарапта, Ө.Текебаев, Т.Сариев, М.Эшимканов, К. Байболовдор башка тарапка кетишкен. Жарандык согуштун кадимки коркунучу жаралганына карабай, “Бирдиктү үфронт” бийликти алып төшөбүз деп айтышкан. Кудайга шүгүр, алар максатына жетишкен жок. Болбосо, ошол апрелде элдин көпчүлүк катмарына   Бакиевдердин чыккынчылыгы жете элек болчу, кадимкидей аймак-аймак болуп тирешип калмакпыз. Биз канча ошону эске алууну суранганыбызга карабастан, Темир Аргенбаевичтер өзүнүн саясатынан баш тартышкан эмес.

 

-Мындан тышкары, сиз 24-март ыңкылабына кийин Т.Сариев Сокулук районунда “кайсы аймакты кулундарына жерлер бөлүштүрүлүп жатат”- деген маселени көтөргөнүн айттыңыз. Мунусу менен Темир Сариев элди бөлгөнүн мисал келтирдиңиз. Чын эле ушундай калибрдеги саясатчы элди бөлүп-жарган сөздөрдү сүйлөгөнбү?

 

-Темир Сариев ал учурда Сокулуктун депутаты болчу, “жер таратылып атат” деп жашыл лозунгулар менен аянтка чыкканы бардыгыбыздын эле эсибизде.

 

- Сиз Социалдык өнүктүрүү министри болуп турганда Сариевдин: “сен түндүктөнсүң да, бу жерде түштүктүктөрдүн квотосы бузулуп жатат”- деп айтканы чынбы? Балким ал минтип жаман ойдо айткан эмес чыгаар? Жөн гана жеке таарынычыңыз бар окшойт, ошондон улам аны сындап жатасызбы? Ал премьер-министр кезинде тартипти сактай албагандыгын, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра албагандыгын да сындадыңыз, мынча кыска мөөнөттө мунун баарын жасаш мүмкүн эмес го?

 

-Менин Темир Сариевке эч кандай жеке таарынычым жок. Бул сөздөрдү мен ошол Next TV уюштурган программада, талкуу учурунда айттым. Ал программада “элди бириктирүү” дегенине “Ушинтип айткан, менин милдетим элиме жана шайлоочуларга бул тууралуу кабарлоо, анткени так ушундай саясатчылар кыргызды акыркы жыйырма жылда бөлүп- жарып, сен баланча жерденсиң, сен тиги уруунун тукумусуң деп эсептеп келишти”, - деп айттым. Анан “темирдей тартип орнотом”, - деп сөз берип атат. Премьер-министрдин тартип орнотуу боюнча президент менен салыштырмалуу полномочиелери көп. “Эмнеге ошондо орноткон жоксуз? Эмнеге даяр акча турса дагы, үч жолу тендер жарыялап, бирок өткөрө албай, а ИИМ “коопсуз шаарды” орното албады?» -деп суроо бердим. Жаман айтпай, жакшы жок. Менин милдетим – шайлоого бараткандардын кемчилик-жакшылыгын шайлоочуларга эскертип туруу.

 

- Кыргызстан Сариевдин тушунда Бажы биримдигине кирген. Чоң иштерди жасаган. А сиз аны “жетиштүү деңгээлде сүйлөшүү жүргүзгөнгө жарабады”- дейсиз. Эмне себептен?

 

-Эми, аны баарыбыз эле көрүп атпайбызбы. Кана, кайсы заводдун продукциясы чыгып атат? Жер-жемиш жана анча- мынча сүт мурун деле чыкчу. Бирок, кана жанагы лабораториялар? Аны эчак эле даярдап коюш керек эле да, туурабы? Экономика министри болуп беш жыл иштеди, кайсы өнөр- жайды ишке киргизди? Мына, Атамбаев деле айтып атпайбы аны: “Бир дагы завод ачкан жокпуз” деп. Иштеп аткан тигүү цехтери жабылып калбадыбы тескерисинче. Жүз миңдеген жаңы мигрант Россияга жөнөдү, акырына чейин “мына азыр оңолот” дегендер дагы түңүлдү. Машине ташыган он миңдеген мекендештерибиз банкрот болушту. Эми муну айта берсек, толтура. Биримдикке киришибиз керек, бирок ошондо дагы этияттык менен, улуттук кызыкчылыкты ойлош керек болчу. Орус-белорусту айтпай эле коеюн, казактардын дүң продукциясы киши башына бизден он эсе жогору. Айтыңызчы, сиз он эсе байыраак адам менен тең ата боло аласызбы, ал бир тууганыңыз болгон күндө дагы? Сүйлөшүүлөрдү жакшы жүргүзүп, льготный периоду узартышы керек болчу, а булар болсо бардыгына кол коюп беришти. Казакстан менен Беларус кээ бир келишимдерге 2025-жылы эле кошулабыз дешсе, Темир Сариев жетектеген делегация толугу менен биринчи күндөн эле макулбуз деп, бардык тармактарды ачып беришти. Жанагы Россия берген 200 миллион долларды дагы азербайжандык жеке ишкер Агаларовдун колуна карматып жиберишти. Ал жөнүндөдагы сөз алдыда!

 

- Учурда президенттикке ат салышуу ниетин билдирген жарандардын саны 20дан ашты. Булардын ичинен кимиси чындап президенттикке татыктуу?

 

-Ким суурулуп алдыга чыгаарын көрө жатарбыз. Бирок, негизги талапкерлер азыркы жана мурунку премьер-министрлердин арасында болчудай.

 

-Келечектеги президент биринчи кезекте кайсы маселеге көңүл буруп, чечиши керек?

 

-Башыбызды бириктирүүгө. Элди кекетпей, жакшы сөз айтып, маанайыбызды көтөрүүгө! Эң биринчиси - ынтымак орнотуп, пейилибизди оңдосо деген ойдомун!

 

 

Маектешкен Арина Рысбаева

Булак:  «Саясат. kg».