КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик кызматка талапкерлигин жылдырган жарандардын саны учурда 20га ооду. “Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт”,- дегендей, алардын басымдуу көпчүлүк бөлүгү президенттик шайлоону театралдаштырылган шоуга алмаштырып алышкандар, бекер жатканча эрмектеп турайын дешип...

 

Буларды 30 миң кол топтоо же 1 миллион сом күрөө тапшыруу чеги да токтото алган жок. Эгерде мыйзамга “талапкер болуп аттангысы келген адам 1 миллион сом күрөөнү арызы менен кошо тапшырыш керек”,- деген норма киргизе турган болсок, минтип жулунган бекерпоздор армиясынан кутулат элек. Болбосо, дүйнөгө шылдың болгонубуз болгон...

 

Учурда БШКга өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу арыз менен 17 жаран кайрылган. Алар: пенсионер Анвар Сартаев, өзүн “Кыргызстандын №1-патриотумун” деп жүргөн Назарбек Нышанов, башкы “ата-мекенчи” Өмүрбек Текебаев, “Зима не будет” дегендин атвору Арстанбек Абдылдаев, “Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын” төрагасы Бакыт Дегенбаев, “Маро” фирмасынын (Латвия Республикасы) Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайнидин Султанидинов, Кыргызстандагы Америка университетинин негиздөөчүсү Камила Шаршекеева, “Генералы мира – за Мир” коомдук бирикмесинин эл аралык байланыштар боюнча консультанты Талантбек Масадыков, ЖК депутаты, “РАЖ” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, жарандык активист Рита Карасартова, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, “мага Манас атабыз аян айтып, катышууну буйруду” деген Замира Муратбекова, Орусияда көп жыл мигрант катары эмгектенген мыкты жигит Санжар Энназаров, экс-губернатор, “ксдпчы” Сагынбек Абдрахманов, “легендарлуу парламенттик” башында турган Мукар Чолпонбаев, “Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” коомдук фондунун башкаруунун төрагасы Кубан Чороев.

 

Үчөө саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн: Т.Сариев (“Ак-Шумкар”), Б.Төрөбаев – (“Өнүгүү-Прогресс”), Турсунбек Акун (“Адам укугу”).

Буларга жакынкы күндөрү кошула тургандар: Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан”), Сооронбай Жээнбеков (КСДП), Азимбек Бекназаров (“Элдик курултай” тарабынан) жана Ахматбек Келдибеков (“Ата-Журт”) ж.б.

 

Эске салсак, июлдун 15инде КСДП, 18инде “Ата-Журт” саясий партияларынын курултайлары болот. Ошону менен катар, 17синде бүткүл Элдик курултай президенттик жарышка Азимбек Бекназаровду аттандыруу алдында турат...

 

 Булак: "Майдан. kg" гезити