Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1017

 

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы дат БШКга түштү. Даттанууну жарандык активист Мелис Аспеков баштап берди. Анын белгилешинче, Бабанов саясий уюм эмес, курултай аркылуу көрсөтүлгөндүктөн, бул шайлоо тууралуу мыйзамга карыш келет. А курултайда үгүт убагы баштала электе эле делегаттар Бабановго добуш берүүгө чакырык ташташкан.

     

Бирок, БШК бул дооматты канааттандырган жок. БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыров үгүт иштери боюнча эреже бузу болгон-болбогонун иликтеп чыгуу керектигин айтты.Айтымында, үгүт иштери баштала элек болсо да, айрым ММКлар кайсы бир талапкерди «мактап-жактап» башташты. Бул да норма бузууга кирет.

 

 Дагы бир мүчө Гүлнара Журабаева бардык талапкерлерге бирдей мамиле болуу зарылдыгын белгиледи.

 

БШКнын жетекчи орун басары Атыр Абдрахматова Аспековдун дооматы бир гана Бабановго эмес, бардык талапкерлерге таандык экенин билдирди.