Бүгүн, 11-июлда, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы курултай өткөрүүдө. Анда лидери Адахан Мадумаровдун президенттикке талапкерлиги бекитилиши мүмкүн.
Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Ахматбек Келдибековдор үчилтик тандемин түзүп, шайлоого чогуу барышаарын жар салышкан болчу. Мадумаровдун минтип өз алдынча талапкерликке чыгышы, тандемдин доо кеткенин кабарлайбы?
Курултайда сүйлөгөн Ахматбек Келдибеков мындай шектенүүлөргө чекит койгонсуду:
«Бизди ажыратканга көп аракеттиништи. Бирок, сүйлөшүп, андай маселелерди чечтик. «Ата Журттун» курултайы 18-июлда болот, а бүгүнкү курултайдын болоорун мындан бир жарым ай мурда чечилген. Мадумаров тарыхта орду бар саясатчы», - деди Келдибеков.