Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 226

 

Борбордук шайлоо комиссиясына кезектеги президенттикке талапкерден арыз түштү. Ал – Турсунбек Акун болду.

 

БШКга «Адам укугу» саясий партиясы Турсунбек Акунду президенттикке көрсөтүү боюнча кабыл алган чечимин сунуштады.

 

Турсунбек Акун президенттикке талапкерлердин он сегизинчиси болду.

 

Буга чейин   Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороевдер өздөрүн өздөрү көрсөтүп арыз беришкен.  

 

 Ал Темир Сариев «Ак Шумкар», Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү Прогресс» саясий партиясынан чыгышкан.