Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленип, учурда талапкер болчулардын тандалып алынуу жараяны кызуу ишке кирди. БШКга талакер болоорун билдирип, расмий арыз жазгандардын да, азырынча арыз жазбай, бирок, шайлоого бараарын айтып аткандардын да катары өстү.
«Ак Шумкар» партиясынан Темир Сариев, «Өнүгүүдөн» Бакыт Төрөбаев, өзүн өзү көрсөткөн Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, КСДПдан Сооронбай Жээнбеков, «Ата Журттан» колдоо табам деп аткан Ахматбек Келдибеков ж.б. дагы бир катары шайлоого катыша турганы белгилүү. Андан сырткары бекөкмөт уюмунун өкүлү Рита Карасартова да шымаланды. Кыргызстанда президенттик шайлоо болгондон бери талапкерлердин катарынан түшпөй келаткан Турсунбай Бакир уулу бул жылдагы жарышты да кыйгач өткөрбөй турганын кыйытты. «Кыш болбойт» деп кызуу талкууда калган Арстанбек Алай да бараарын убадалады. Буларга катар Кыргызстан өндүрүшчүлөр уюмунун төрагасы да шайлоого катышаары жарыяланды. Айтор, талапкерлер арызы кабыл алынуу мөөнөт соңуна чыкканга чейин, дагы далай түстөгү талапкерлердин өңүн көрсөк керек.
Мурдагы президенттик шайлоолорго салыштырмалуу бул жылдагы шайлоодо күрөө акысы кымбаттады. Анан эмне, өлкөдө кымбатчылык орун алып, жыл сайын ар кайсы нерсеге болгон баа асманды көздөй арыш керип атканда, президенттик шайлоо да кымбаттабай коймок беле. Ал турмак шайлоо босогосу да 9 пайызга көтөрүлдү. Мындай жогорку пайыз бир гана Кыргызстан менен Түркияда бардыгы айтылат. Талапкерлердин иргеп-талдап, опурап-топурагандардын арасынан татыктууларын гана чыгарууга арналган мындай тоскоолдуктар да жардам бербеди. Дагы деле талапкерлердин тизмеси узаргандан узарып барууда.
Күрөө акысы 30 миллион сомду чапчыганы талапкер болчумун дегендерди токтото албачудай. Өтсө-өтпөсө да, миллиондорду аяп койбой, алдыга умтулуп турушат. Демек, Кыргызстанда байлар көп экен. А эмнеге мамлекетибиз жарды?
Ага бир гана жооп бар: Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошо турган байлар эмес, Кыргызстандын эсебинен байыгандар көп. Тилекке каршы…