1-июлда Ысык-Көлдүн боюнда «Аалам» саясий партиясы он жылдыгын белгиледи. Ага, партиянын Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчунан делегаттар келип катышышты. Малиев менен жакшы мамиледеги Азимбек Бекназаров, Ишенбай Кадырбеков өңдүү бир катар белдүү саясатчылар, саясий жана коомдук ишмерлер да келишти.
Көгүлтүр көл боюнча жумурткадай ак кырк боз үй тигилип, кудам эле Көкөтөйдүн ашынын элесин берди. Чогулган көпчүлүк «Аалам» партиясынын юбилейине эмес, теңтөрагасы Арслан Малиевге басым жасашты. «Президенттикке талапкерлигиңди кой, колдойбуз», - деген сүрөөндөр да болду.
Азимбек Бекназаров: «Арслан, сени Ысык-Көлдүн кулуну деп атышат. Сен кулун эмессиң, сен он асый тулпарсың. Чоң жарышка чыга турган убактың келди», - деди.
Малиевге жердештери тулпар мингизишти. Бирок, кейиштүүсү – кыргыз уулу болсо да, экс-депутат атка «шап» мине албады. Ээрди оодарчудай жабыша кармап, эптеп отурду. Атты ары-бери бастырганда да, азыр эле топ этип ыргып кетчүдөй олдоксон отургандыктан, «жыгылып калып уят болбосо экен», - дешип, көргөндүн жүрөгү жакасынын учунда турду.
Кыскасы, ачык айтылбаса да, элден алынган бата, элдин сүрөөнү жана партиянын эмес, Малиевдин буга чейин жасаган иштерине басым жасоо – жакында президенттикке талапкерлердин саны дагы бирөөгө көбөйөөрүн билдирип койгонсуду.