Эсиңиздерде болсо керек, 2015-жылдын 29-майында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Максат Чакиев чет өлкөлүк ишкерге күбөлүк жасап берүү милдетин алып, ири суммадагы каражатка алдап кеткени билинип, кылмыш иши козголуп, камакка алынган болчу. Андан көп өтпөй, бул ишти караган тергөөчүгө пара сунуштай коюп, дагы бир кылмыш иши ачылган. Райондук, шаардык соттор Чакиевдин күнөөсү толук далилденгенин айтуу менен, ар кандай мөөнөттөргө абакка кескен. Бирок, кандайдыр бир жолдор менен Максат Чакиев Жогорку сот аркылуу 500 миң сомго гана айыпка жыгылуу менен, түрмөдөн бошоп чыккан болчу.

 

Мына ошол афералык иштердин ана-башчысы Максат Чакиев учурда Бүткүл дүйнөлүк түрктөрдүн 1-курултайын өткөзмөкчүмүн деп элдин баарын дүрбөлөңгө салып жүрөт. Буга ким андай укукту берген? Ошондуктан, Кыргызстандагы түрктөрдүн “Ахыска-Түрк”, азербайжандыктардын “Азери” коомдук уюмдары, айрым коомдук ишмерлер редакцияга жана тийиштүү органдарга кат жолдошту. Алар Чакиевди кантип түрктөр дүйнөсүнүн кызыкчылыгын көздөгөн уюмдар калып кетип, мындай курултай уюштуруп жатканына түшүнбөй турушат. Мындай шартта жалпы түрк дүйнөсүнүн кадырына доо кетип жатпайбы. “Ала кушту атынан атоо керек”- дегендей, Максат Чакиевди “самозванец” жана “аферист” экенин айтышып, жоопкерчиликке тартууну талап кылгандар улам көбөйө баштады.

 

Деги минтип элдин баарынын башын айлантып, жасалма курултай өткөзүү менен Максат Чакиевдин көздөгөнү эмне? Бардык нерсенин чеги болот да. Эгер бул талтаңбайды тийиштүү кызматтар ордуна койбосо, жакында революция кылам деп чыкса кайда барабыз?