Президенттик шайлоонун өтө турган күнү белгиленгенден баштап “президент болчумун” дегендердин арасында жандануу башталды. Буга чейин, “өлкөнүн башкы тактысына отурсам”- деп эки көзү төрт болгондор тымызын аракеттерин көрүп, коомчулук ким талапкер болоорун аңдап калган. Эми, алар расмий түрдө талапкерлигин бекитүүгө киришишти.
“Ак Шумкар” партиясы бир жума мурун сьезддин өткөрдү, КСДП 15-июлда өткөрөөрү белгилүү болду. Ал эми Бакыт Төрөбаев жетектеген “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын сьезди 27-июнда болду. Бул сьездге өзгөчө көңүл бурууга туура келди. Анткени, “буга чейин болбогон жорукту жасап” дейбизби, же “нукту башка тарапка бурду”- деп айткан туурабы, айтор, Төрөбаев келген делегаттары менен конокторун башкаларчылап филармония, же башка маданий мекемелердин залынан эмес, ресторандан кабыл алды. Бир кездерде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таандык болгон, Бишкектин Абдымомунов көчөсүндө жайгашкан “Дубовой парк” рестораны келген адамдардын топураган кадамдарына толуп, тамактануучу жай менен катар саясий маселе чечилчү мекемеге айланды.
Ресторанда өткөн сьезддин кандай болоорун сырттан туруп баам салып көрөлү: Чоң жарышта жөлөп-таяй турган адамдар менен чер жазышып, чайлашкан жакшы дечи. Бирок, бул жөнөкөй жолугушуу эмес. Мамлекеттин биринчи адамына талапкер чыгара турган талкуу – тагдыр чечүүнүн эле бир түрү да. Анан, саясий өңүттөгү маанилүү жагдайды чечип атып, чайдан шор уурттап, ысык буусунан чыпылдап тердеген чекени аарчып, эттен бурдап жеп анан “мен колдойм” деп айтып атканы да болчу беле. Алдына тарткан тамагын жеп атып, “мен колдобойм” деп айтуу одонолук, барып турган тарбиясыздык болуп калбайбы.
Алдында түркүн даам турганда, акыл-эс саамга бир чекитке байланып, эси-дарттын баары курсак тойгузуунун аракетинде болоору чындык. Ашказан менен мээ бир убакта жарыша иштей албаса керек. Бири иштегенде, экинчиси эс алып турат дегендей. Маанилүү маселе экинчи орунга сүрүлүп, биринчи орунга чайлашуу ырахаты ыргып чыгат да. Анан Бакыт Төрөбаев келгендердин ушул акыбалында, өзүн талапкер катары “бир добуштан” колдоого алышты деп жар салганы бир аз кызыкча угулуп калат го.
Кийинки маселе – каражатта. Президенттик шайлоого аттануу миллиондогон суммалардын башын жей турганы баарына белгилүү. Президент болом деген адамдын эң биринчи кезекте капчыгы семиз болушу керек. Акчаларды асманга сапыруу жараяны сьезд өткөргөнгө чейин эле, шайлоого барам деген ой көкүрөккө илешери менен башталат. Алгач элди көндүрүп, “тигил жакка барып, эл үчүн муну жасады, бул жакка келип, элге арнап тигини аткарды”- деген сыяктуу жарнамаларды жарыялоо да бекер болчу иш эмес. Сьезд да түз жерден өтүп калбайт. Ал эми минтип ресторанга өткөрүү адатта кетчү каражатты 2-3 эсеге көбөйтөрү бышык. Маңдай терди чыпылдатып тапкан каражатты азыраак суммага өткөрүүгө мүмкүн болгон иш-чаранын чыгымын арттырып, минтип ээн-эркин ресторанда гана тойломойго короткуң келбейт. Асмандан жааган акча гана шамалга сапырылат.
Парламенттик шайлоодо “Өнүгүү-Прогрессти” баштап бараткан Бакыт Төрөбаевдин учурда Белорусияда баш калкалап аткан качкын президент Курманбек Бакиевден акча алган деген сөз тараган. Албетте, лидер мындай кептерди жанына жакындатпай, актанган. Бул сапар да чыгымын аеосуз арттырып атканынан улам, дагы Белорусия тараптан мүшөктөп акчалар агылып келип аткан жокпу (?) деген шектенүү жаралат экен.
Партия лидеринин парламент депутаты катары 2016-жылдагы декларациясына абай салып көрөлү. Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматына таянсак, Төрөбаев 2015-жылы үй-бүлөлүк бюджетине 737 887,09 сом салым кошкон. Менчигинде болгону эки кыймылсыз мүлкү бар: 18 чарчы метрлик жана 179 чарчы метрлик үй. Ал эми жакын туугандары бир жыл ичинде 21 млн 657 миң 603 сом киреше табышкан.
Негизи бизде декларация толтурууда “итке минген жарды” же “орто оокаттын ээси” болуп, шайлоого келгенде кайдан-жайдан миллиондорду таап алгандарга таң калуу деле калбай калды. Чиновниктердин кимисин караба, өзүнөн жакын туугандары ашыра акча табышат. Балким, шайлоого келгенде “айлык менен жашап келген” оокат-малы чектелүү талапкерге жакын туугандары демөөрчү болушаттыр. Же, алыстан келген бекер акча чегинен чыгарып, минтип ресторанда сьезд өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Айтор, “өнүгүүчүлөр” өнүгүп, буга чейин боло элек нерсени болтуруп, сьездди ресторанда өткөрүүнү баштап беришти. Калган талапкерлер Төрөбаевге теңелип, “бутун сындырбай”, адат болуп калгандай эле маданий мекемелердин залында өткөргөнү дурус го. Чайдын чайдай, саясаттын саясаттай эле болгону ылайыктуу. Экөөн аралаштырып, ботко чалып салгандан кудай сактасын.
Арина Рысбаева
P.S. Кечээ Бишкекте өткөн “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын курултайында илинген атайын жасалгаланган баннерден оркойгон ката чыкты. Анда “Төрөбаев” - “Торобаев” болуп жазыылыптыр. Бул орой катага ким күнөөкөр? Же “өнүгүүчүлөр” кыргыз тилин чанып жатабы? Эмнеси болсо да осол иш бул.
Булак: "Майдан. kg" гезити