- Өткөн аптада: “СИЗО-1де Садыр Жапаровго кол салуу болуптур, мен толугу менен ынандым жана жеке иликтөөмдү баштадым” деп жазып чыктыңыз эле, ошол боюнча айтып берсеңиз?
- Сөз башынан болсун. Ушул жылдын 20-январында Садыр Жапаров чет өлкөдөн жалпы кыргыз элине кайрылуу жасады. Кайрылуунун мазмунунда “Кылым аферасы” аталган “Кумтөрдү” биздин жаратылышка эбегейсиз келтирилген зыяны үчүн, кыргыз журтуна 3,5 млрд. доллар акча каражатын өндүрүп алышына эл аралык сотко бергенин жана 25-март күнү Кыргызстанга кайтып келээрин жар салды. Өзү мекенине кайтып келгенче, “Кумтөрдү” эл аралык соттон утуш үчүн, эл тарабынан болушунча кол топтоо керектигин айтып, тараптарыштарына өтүндү. Албетте, өлкөнүн ар бир аймагында кол топтоо боюнча чоң иш-чара башталды. Садыр байкенин баштаган иши эл арасында колдоо таап, жалпысынан жүз миңдеген кол чогулуп, коркуп турган бийликтин уйкусун алды. Көп убакыт өтпөй УКМК тарабынан Жапаровдун кичи мекенине, Кең-Суу айылына күбө катарында чакыруу келет. Күбө катары келген чакыруу эмнени билдирет? Садыр байкеге кылмыш иши козголбогондугун билдирет, болбосо дароо эле кылмышкер катары чакырышмак.
- Балким, УКМК тарабынан бул чакыруу “Садыр Жапаров коркуп кетип, келбей коёт” деген нукта болушу мүмкүнбү?
- Мүмкүн эмес эле, дал ошондой. Биздин лидерибиз чет өлкөдө жүргөнүнө үч жыл болду, үч жылдын ичинде бир дагы чакыруу келген эмес. Сырдуу Саруу окуялары боюнча бир нече балдар камалган, сот материалдарында бир дагы Садыр байке боюнча сөз жок. Үч жылдан бери УКМК эшек такалап жүрдүбү? Эмнеге азыр, Жапаров өлкөсүнө кайтып келем деген учурда, УКМК ойгоно калды? Биринчи класстагы балага белгилүү, бул иш аракеттери Садыр Жапаровдун өлкөсүнө кайтып келтирбөө амалы. Ойлоп тапкан коркутууларга карабастан Жапаров 25-мартта өлкөсүнө кайтып келди.
- “Ак-Жол” чек ара бекетинен Жапаровду кармап кетпей, уурдап кетти деп билдиргениңизди билебиз. Эмнеге бийлик мындай чечкиндүү кадамдарга барды?
- Негизинен Садыр байке кылмыш жазаса, өлкөсүнө келмек эмес. Өзүнүн актыгын билип, жеке кызыкчылыгын биринчи ордуна койбостон, журтунун кызыкчылыгы үчүн, кандай гана коркутууларга карабастан, чыныгы мекенчил парызын аткарып, нукура эл баласы экенин далилдеп, өмүрү коркунучта болсо дагы, коркпостон кайтып келди. Кайтып келип эң биринчи тосуп чыккан тарапташтарына жолугуп, “Кумтөр” боюнча чындыкты айтып, жалпы экономика жана социалдык оор абалды жеткирип, кандуу жүк боюнча дагы болгон оюн ортого салып, андан соң УКМКга барып болгон суроолоруна жооп берип, кичи мекенине түлөө өткөргөнү жол алмак эле. Алдын-ала бул кадамдарды билдирген болчу да. Андан соң мыйзамдуу түрдө президенттик шайлоого кам көрмөк. Мына ушул чындык элге таркап кетишинен коркуп, ыплас бийлик биздин лидерибизди чек ара бекетинен күч колдонуп элине жолуктурбай, бир заматта жасалма иш козгоп, уурдап, камакка алышты.
- 25-март күнү эмнеге жалаң эле Жапаровду камакка албастан, башка балдарды дагы камашты?
- 25-март күнү эки миңге жакын эл Садыр байкенин мыйзамсыз камалышына нараазы болуп, УКМК имаратынын алдына чогулган. Күч органдарынын тарабынан провокация уюштурулуп, жалпысынан 105 биздин балдар-кыздарыбыз камакка алынганын билесиз. Камакка алынганынын он экисине кылмыш иши козголду. Кылмыш иши козголгондордун ичинде Садыр байкенин улуу агасы, кичүү иниси, баласы жана айылдаш туугандары бар. Эмнеге бийлик мындай зөөкүрдүккө барганын мен сиздерге түшүнүктүү болуш учүн, кененирээк токтолуп айтып кетейин. Садыр байкенин көк жал экенин билишип, жалгыз башына моюн сунбастыгына көздөрү жетип, бийлик, агасын, инисин, баласын жана башкаларды камакка алышынын бирден бир себеби, манипуляция жолу менен болсо дагы, “Кумтөрдү” эл аралык сотко берген ишин токтотуу максатында уюштурулду. Баласы менен бир туугандары колго түшпөсө, Садыр байке эл аралык сотко берүүнү токтотмок эмес. “Баштаган ишиңден баш тарт, болбосо балаңды жок кылабыз, бир туугандарыңан айрыласың”,- деп ошол күндөрү коркутуу болуп жатканын бир нече ММКлар жазып чыкканы буга далил болуп турат. УКМК кызматкерлери 2010-жылы 6-апрелде Атамбаевдин үйүнө келип кармап аткан учурдагы видеосундагы сөздөрүн эстесеңиз? Бир сөзүн кайталап туруп алды: “Балдарым өлкөдөн чыгып кетсин, балдарым эле балдарым” деп эмне кыларын билбей турду. Балдарыбыз үчүн биз өз жаныбызды дагы аябайт экенбиз, балаңдын өмүрүнө шек кеткенде, баардык нерсеге макул болот экенсиң, дүйнөлүк тарыхта, чоң инсандардын арасында мындай окуялар көп болгон.
- Эмнеге Садыр Жапаровду УКМКнын СИЗОсуна эмес, кылмышкерлердин уюгуна - СИЗО-1ге камашты?
- Ушул суук кабарды уккандан кийин, менин кабыргам кайыша түштү. Өзүм жакынкы күндөрү эле эки жылдык темир тордун артынан, эч бир кылмыш кылбасам деле, “таксиге 100 сом берген жоксуң”- деген шылтоо менен 5 жылга эркимен ажыратышып, камалып чыктым. СИЗО-1де учурунда 5 ай олтургам. СИЗО-1 кайдан башталып, кайдан бүтөөрүн жакшы билем. Сыртынан кичинекей көрүнгөнү менен, ичи чоң, миң кишиге жакын адамдар отурат. Садыр байке оңой адам эмес, айыпталган иши саясаттын негизинде болгон соң жана УКМК өзү токуп алып, өзү тергеп жаткан иш болгондуктан, сөзсүз түрдө, Садыр байкенин жеке коопсуздугу үчүн, өздөрүнүн УКМКнын СИЗОсуна кармаш керек эле. Жактоочулар дароо эле кат менен кайрылышты: “Эмненин негизинде Садыр Жапаровду СИЗО-1ге камадыңар?”. Адамдын кыжырын келтирген төмөнкүдөй жооп беришти: “Биздин имаратыбызда орун жок”- деп. Бир жума өтпөй, бир террорчулукка шектелген адамды өзүнүн эле имаратына камашты, андан кийин Дүйшөн Чотоновго, Райхан Төлөгөновго орун татынакай эле табылды. Көрсө кеп башкада экен. Саруу иши боюнча, эң негизги жабырлануучу болуп Ысык-Көлдүн экс-губернатору Эмилбек Каптагаев жүрөт. Бул жагдайды жакшы билген УКМК, Эмилбек Каптагаев доо арыз жазбаганын жана Садыр Жапаровго карата терс көргөзмө бербешин алдын-ала билген. Каптагаев кийин, мен азыр айтып жатканымды, сотто айтып чыкты. УКМК бул ишти туура эмес, шашып, эптеп Садыр байкени камаш үчүн козгоп алган. Ал эми соттон, чоң уят болушун билип туруп, айласыздыктан СИЗО-1ге камоого мажбур болушту окшойт. Орустардын макалы бар, “нет человека, нет проблем”, менимче дал ушундай ойлору менен Жапаровду СИЗО-1ге камашты. Себеби эң негизги жабырлануучу, тескерисинче, Садыр байке тарабында болгону менен, кантип сот ага күнөөлүү деп айып тагат?
- Демек Садыр байкени, атайылап кол салуу үчүн СИЗО-1ге камашканбы?
- Айдан-ачык болуп чыгып жатпайбы. Далил катары, мен сизге иликтөөмдүн негизиндеги билгенимди айтып берейин. Эң биринчи Жапаровду СИЗО-1ге алып келгенде №104-камерага камашыптыр. Бул камерага камаганын угуп, чачым тик турду, себеби ал жакты “транзит” деп коёт, жанагы мен айткан миң адам басып өткөн жол. Садыр Жапаровдун жеке коопсуздугун ойлошсо, аны “спец продолго”, ошол жактагы тил менен айтканда “закрывашкага” алып киришмек. “Спец продол” экинчи кабатынын, атайын темир менен (“лакалка” деп коюшат) тосулган жай, өзүнчө бөлүм, ал жакка уруксатсыз эч кимди киргизбейт, бул бир. Экинчиси, белгисиз себептер менен үч күндөн кийин, Садыр байкени №104-камерадан №210-камерага которушуптур. Эми муну толугу менен “беспредел” деп айтсак, жаңылышпайбыз. №210 камера дал СИЗО-1дин ортосу болуп эсептелет, адамдар ошол жак менен өтүп кирип чыгат, №210 камерадан кийин №211 камерасы жайгашкан, бет маңдайында №252, 253 деген камералар турат, бул үч камера Садыр байкенин №210 камерасын куурчап турушат жана ал камераларда кадимкидей 10-20га чейин кылмышка шектүү адамдар отурат, кыскасы Садыр байкенин коопсуздугун ойлошкон эмес. Дал ушул №210-камерадан 2-апрелде (дем алыш күнү), таңкы саат 5-6 чамасында Садыр байке бычак менен кесилген моюну, колу менен кан жалап, ээсин жоготкон боюнча носилка менен чыгып жатат. 2-апрелде №211, №252, №253-камерада ким отурганын таап чыктым, ар бир камерадан бирден адамдар менен адвокат аркылуу байланыштым. Үч адам бирдей айтып жатышат: “Ошол күнү болжолу менен танкы саат 5-6да, Жапаров отурган камерада ызы-чуу чыкты, өкүрүк, кыйкырыктар, бир нерсе кулады. Биз кыйкырып баштадык, 10-15 минутадан кийин Садырды кан жалаган боюнча көтөрүп кетишти”. Эми логикалык жактан ойлонуп көрөлү. Садыр байке 4 жаш баланын атасы, кантип ошол 4 баласын жетим калтырсын? Садыр байке бир нече жылдан бери 5 маал намаз окуйт, өзүнө-өзү кол салган шариат боюнча чоң күнөө экенин жакшы билет. Өз өмүрүн бат кыйган адам, мокок азык-түлүк бычак менен эмес, сакал алган курч “рапира” болот го, ошо менен кесет. Эми жакшылап элестетип көрсөңүз? Кантип адам биринчи өзү мойнун кесип, андан кийин колун, эки жагын бир убакытта кессин? Логикага дал келбей жатпайбы? Жооптордон, суроолор көп туулуп жатат. Ошол күндөрдүн хронологиясын калыптандырсак. Биринчи Садыр байкенин моюну кесилген, ал канжалап, кандайдыр бир алышып, туруштук бергени аракет кылган, бирок күчү жетпей коюп эсин жоготкон, андан кийин колу эки жактан кесилиши толук мүмкүн. Колун кескен себеби - суицидка окшоштуруу далалаты болушу толук мүмкүн. Балким Садыр кан жалап, эсин жоготуп калган кезде, ал “өлүп калды” деп да ойлошкон, балким башка уктап жаткан адамдар ойгонуп коргоп калгандыр, ошондон улам ызы-чуу, кыйкырыктар чыккан. Ким эле дагы Садыр байкенин өлүмү үчүн жоопту болгусу келет?
- ГСИНдин 47-мекемесинин ооруканасынан дагы бир “айтылбаган жагдайлар чыкты” дегени, канчалык чындыгы бар?
- Кудай эл баласы Садыр Жапаровду өзү сактады, 5 сааттан кийин эсине келди, көп кан жоготуптур. Операция болуп, кесилген жерлерин тигишти. Эгерде терең кесилбесе, дарыгерлер тикмек эмес. Эртең менен барган туугундарын, жактоочуларын бир нече саат белгисиз себептер менен киргизбей турушту, мунун себеби белгисиз бойдон калды. Ошол күнү ГСИНдин пресс-катчысы Александр Никсдорф “Садыр Жапаров өзүн-өзү жөнөкөй бычак менен кескенин айтып чыкты. Бычак СИЗО-1дин камерасында болбош керек, себеби ички тартипке дал келбейт, эмнеге Садыр байкени №210-камерага которуп жатканда, эч ким текшерген жок? Мына дал ушул жеңил ойлуулук үчүн СИЗО-1 жетекчисин ээлеген кызматынан бошотсо болот, эч ким бул кырсыкка жооптуу болгон жок. ГСИНдин байкоо кеңешинин мүчөсү Чолпон Өмүрканова ошол күнү Садыр байке менен жолугуп: “Жапаровдун коопсуздугу үчүн УКМКнын СИЗОсуна которгула”- деп, кеңешин айтты. Жок, андайга барышкан жок. Адахан Мадумаров пресс-жыйын өткөрүп, байма бай айтып чыкты: “Депутаттык топ түзүп, бул окуя боюнча дыкат иликтөө өткөзгүлө”- деп. Жок, андай дагы кылышпады. Бул күндөр дагы өтөт кетет, Садыр байке дагы чыгат, ошондо өзүнүн оозунан угасыңар. Биринчи моюнун кесишкенин, анан эсине келгенден кийин, караса колу дагы эки жагынан кесилгенин.
“Калк айтса, калп айтпайт”- дегендей сурамжылоо да жүргүздүм. Сурамжылоонун натыйжасында, миңдеген колдонуучу “ооба,Садыр Жапаровго кол салуу болду”,- деп жооп беришти.
Булак: “Аргумент” сайты, «Майдан. kg» гезитинен алынды