Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 354

 

Бүгүн «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү жана юристтери маалымат жыйын өткөрүп, Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерликке өзүн өзү жылдырганын жарыялашты. Эрежеге ылайык, талапкер катарында анын документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышты.

 

Эми, кызыктын баары алдыда күтүүдө. Шайлоо тууралуу мыйзам боюнча талапкер документтерин БШКга тапшыргандан кийин он күндүн ичинде кыргыз тилинен сынактан өтөт. Сынак түз эфирде болоору да белгилүү. Текебаев талапкер катары  абакта отурабы, же эркиндикте жүрөбү, мыйзам алдында айырмасы жок, эң башкысы соттоло элек болгондуктан, мамлекеттик тилден сынакка катышат. Түз эфирде Текебаев эмнени айтаарын эч ким билбейт. Сынактын шарты боюнча, талапкер программасын кыргыз тилинде жазып, баяндап берүүсү керек. Кокус, программасы тууралуу айтып атып, «Коррупцияны түп-тамыры менен жоймойунча, мамлекет өнүкпөйт», - деп барып, бийлик төбөсүндө отургандардын кылыктарын бирден санап баштасачы? Же, эл-журттун коопсуздугун камсыздоо бийликтин башкы милдети экенин кеп кылуу менен Дача-Су айылында кулаган учактын тарыхын баяндап кирсечи? «Ата Мекендин» лидери шахматтын жүрүшүн беш колундай мыкты билген, көсөм инсан экени талашсыз. Түз эфирди же, токтотуп кое алышпаса, бийлик кандай арга кылат? Жакында, «Парламент» радиосунда пленардык жыйында катуу кеп айта алчу депутаттар жарыш сөзгө чыкканда Асылбек Өзүбековдун «Нөл, бир, ало, мен күйүп барам, мен өрттөнүп барам» ыры жаңырып турду. Текебаевдин да «кыйшайып» бараткан кептеринен Өзүбековдун ырлары менен коргонушабы?

 

Саясатчынын документтерин кабыл албай коюуга БШКда негиз жок. Конституцияда «ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу» деп турат. Каттабай коелу дешсе, кашайып сынак каттоонун алдында болуп атпайбы. Абакта үч айга жакын убакыттан бери отуруп буулугун калган Текебевдин айтчусу да толуп аткандыр. «Жоо чаап кеткен соң, кылычыңды ташка чап» демекчи, айтаарын айтып алгандан кийин, каттабай коюу элдин нааразычылыгын күчөтөөрү бышык. Анын үстүнө, чындык кептин дайынын билип алган коомчулук адилетсиздикке андан ары чыдап, карап тура албаса керек.

 

Айтор, БШК бул жагдайдан кандай айла таап кутулат? Мыйзамды аткарып, Текебаевден сынак алабы, же бийликтин жетегинде дагы бир «укмуштуу» ыкма таап чыгабы?