Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 173

 

«Ата Мекен» партиясынын лидери, учурда абакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого талапкерлигин өзү жылдырат.

 

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында аталган партиянын саясий кещешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева билдирди.

 

Айтымында, ушул жылдын март айында эле «Ата Мекен» партиясы президенттик шайлоого Өмүрбек Текебаевди көрсөткөн.

 

«Бүгүн Текебаев шайлоого өзүн өзү жылдырып, катышат. Буга Конституция боюнча толук укугу бар. Мындай чечим Текебаевди биз бир гана партиянын колдоосу менен чектелип калбасын деп чыгардык. Ал бүтүндөй улуттун лидери», - деди Сасыкбаева.