БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бегматовдун берген маалыматына караганда, президенттикке талапкерлерди чыгаруу бүгүн, 15-июндан башталат.
Айтымында, Жогорку Кеңештин шайлоо күнүн бекиткенден кийин талапкерлерди көрсөтүү процесси башталат. Кимдин талапкер болу ниети болсо, шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтошу зарыл. Ошондой эле талапкер БШКга күрөө акчасын төгүп, партиянын аны талапкерликке чыгаруу чечими менен тааныштырууга да тийиш.
Талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 75 күн калганда токтотулат.