Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 245

 

«Ата Журт» партиясы БШКны сотко берди. Жазылган арыздын негизинде сот процессии бүгүн, 9-июнда, Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда саат 11:00дө болот.

 

Бул тууралуу аталган партиянын катчылыгынан билдиришти.

 

Эске салсак, 28-майда жергиликтүү кещештерге өткөрүлгөн шайлоодо Жалал-Абад шаардык кещешинде жещип чыккан партиялардын катарында «Ата Журт» да болгон. Бирок, шаардагы №1-кесиптик лицейдин имаратында жайгашкан 2098 шайлоо участкасында ачыктан ачык эле көз боемочулук фактысы катталып, бул өз учурунда чоң чатактын чыгышына түрткү болду.

 

Аталган шайлоо участкасында 1742 шайлоочу катталган. Шайлоого идентификацияланып (өздүгү такталган) катышкандардын саны 1171ди түзгөн. Бирок, урнадан белгисиз себептерге байланыштуу 3 бюллетень ашыкча табылган да, добуш берүүгө катышкандардын саны 1174тү түзгөн. Өздүгү такталган адамдар канча болду жана шайлоодо колдонулган бююлетендердин саны көрсөтүлгөн протоколдордо участкалык комиссиянын мөөрү коюлуп, 3 бюллетень мыйзамсыз берилип кеткени тастыкталып турат.

 

Мындан улам, «Ата Журт» партиясы аталган шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

 

Эскерте кетчү жагдай, БШКнын өкүлү Абдыжапар Бегматов добуштардын кайра саналуусуна, же жыйынтыктын жокко чыгарылуусуна катуу каршы турууда. Ал жасалма бюллетендерди «жасалма эмес» деп башкалардан бийик кыйкырып атат. Шайлоонун бурмаланышында Бегматовдун катыштыгы бар окшойт.