Келишимге негизги аба булгоочу эсептелген ондогон мамлекеттер тарабынан 2015-жылдын 22-апрелинде кол коюлган.
АКШ мындай чечими менен глобалдык климаттагы өзгөрүүлөргө каршы бирге турууну макулдашкан 195 мамлекеттин катарынан чыгып, бул маселеде Сирия менен Никарагуага кошулду.
АКШда глобалдык климатты коргоонун жактоочулары аз эмес. Президент Трампка кайрылуу менен парник газдарын көп чыгарган көмүр компаниялары да чыгышты.
Баарынан чечкиндүү жана катаал кайрылууну америкалык миллиардер, Tesla, SpaceX и PayPal компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири, президент Трамптын кеңешчиси Илон Маск жасады. Ал АКШ глобалдык климат боюнча Париж келишиминен чыкса, Ак үйдөгү кеңешчилик кызматтан кетээрин эскерткен.