Өткөн дем алыш күнү Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы “Асыл-Таш” пансионатында жайгашкан бир коттедж толугу менен күйүп кетти. Ордунда күлү гана калган бул эс алуучу жай экс-депутат Равшан Жээнбековго тиешелүү экендиги айтылууда. Пансионаттын директору Улукбек Жусуповдун айтымында, 5 жылдан бери “Асыл-Таш” пансионатынын айланасында прокуратура жана укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыздык өкүм сүрүп келет. “Пансионат камакка алынган, бирок жергиликтүү тургундар акимдин тукуруусу менен короолорду сындырышып, пляждарга соода кылуучу палаткаларын орнотуп, котеджге караштуу аймакты мыйзамсыз ээлеп басып алышууда”,- деди ал. Мындан мурда бийлик тарабынан Жээнбековдорго, айрыкча атасы Бабырбек “Алиби” гезитин чыгара баштагандан тартып укук коргоо органдары кысымга ала баштаган болчу. Эми минтип, бул үй-бүлөгө тиешелүү коттедж “кокусунан” эле түндөсү күлү көккө сапырылып отурат. Баса, өткөн айда бийлик жоон топ журналисттерди Чолпон-Атага чогултуп, быйыл эс алуучулар үчүн жакшы шарттар түзүлүп, алыс-жакындан келген туристтерге баардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, коопсуздугу камсыз болорун жар салган болчу. Бирок иш жүзүндө алар ошол туристтерди тейлеген ишкерлерге жасаган мамилеси бул...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №20 (298), 31.05.2017-ж.