Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 245

Бул тууралуу ал бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган жыйында сүйлөп жатып айтты.


Президенттин айтмында, 15-октябрда калк жаңы мамлекет башчысын тандайт. "Акыркы айларда мен өткөн күндөргө баам салып, президент катары жасаган иштеримди талдап жатам. Кудайга рахмат! Анын жардамы менен соңку 5-6 жылда мамлекетти түйшөлткөн көптөгөн маселелер чечилди", - деди Атамбаев.

 

Президент тынчтыктын жана туруктуулуктун орношун – эң негизги жетишкендик катары эсептейт.

 

Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоонун күнү азырынча так аныктала элек. Буга чейин азыркы мыйзамдар боюнча добуш берүү күнү 19-ноябрь деп айтылган. Бирок ушул айдын башында шайлоо тууралуу мыйзам долбоор боюнча парламенттик угуу өтүп, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштаган.