Быйыл күздөгү президенттик шайлоо учурда бардык жарандардын тынчын алып турган чак. Карапайым эле талапкерлердин катарында кимдер болот экен деп күтүшсө, саясаттагылар төлгө ташы кимибизге жүз берет деп чыдамсызданышат.
Үч саясатчы Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Ахматбек Келдибеков көз караштарын бир нукка салышып, биригишкен. Коомчулукта президенттик шайлоого бул үчилтиктен кимиси талапкер болуп чыгышаарына кызыгуу арбын болчу.
Үчөө тең мындай суроолорго: «Буга акылдашып, кеңешип чечим кабыл алабыз», - деп жооп берип келишкен.
Жакында белгилүү болгондой, алыскы Алай жергесине барган Ахматбек Келдибековго жергиликтүү эл ак тулпар мингизишип, ак калпак кийгизишти. Бул «Сен биздин журт көтөргөн башчыбыз болуп бер», - деген белги экенин бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ошондо, бул үчитлтиктин чоң жарышка чыгаар талапкери чечилгенин билдиреби, же алдыдагы дагы башка чечим кабыл алынышы мүмкүнбү?