Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 199

 

Бишкек, “Саясат. kg”. Экс-премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандагы саясий партиялардын жетиштүү тажрыйбасы жоктугун белгиледи.

 

Бул тууралуу ал алдыда боло турчу шайлоо маселесине арналган жарандык форумда билдирди. Форумду  “Жарандык көзөмөл комитети” уюштурган. Аны уюштуруунун максаты - президенттик шайлоого даярдануу жана үгүт иштери ачык- айкын болушун камсыздоо.

 

Дебатка экс-президент Роза Отунбаева, экс-пермьер- министрлер Темир Сариев, Феликс Кулов жана парламенттин бир катар депутаттары катышты.

 

Темир Сариевдин айтымында, саясий партиялардын тажрыйбасы да, партиялык идеологиясы да жок, ал турмак ички саясий дисциплина жана партиялык демократия да сакталбаган.

 

“Муну баарыбыз эле сезебиз. Биз бул кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштешибиз керек. Менимче, биз бөлүнүүнү токтотушубуз керек. Бириге турган убак келди. Акаевдин бийликтен кеткенине 12 жыл болду, а биз дагы деле кыргызстандыктарды “акаевчи” деп бөлөбүз.  Бакиевдин кеткенине жети жыл болду, а бирок биз баштагыдай эле бул “бакиевчи”, бул “отунбаевачы” деп айтууну унутпадык. Атамбаев кеткенден кийин, ал “атамбаевдик” болчу дейбизби? Иргөө менен эмес, профессионалдарга басым жасоо менен алдыга жылабыз. Жаңы элитаны өстүрүп, ага тажрыйба топтоого жардам беришибиз керек”, - деди Сариев.