Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 997

 

“Ар Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов президенттикке талапкер болчуларды “жигитчилик биригүүгө” чакырды.

 

Бул тууралуу ал алдыда боло турчу шайлоо маселесине арналган жарандык форумда билдирди. Форумду  “Жарандык көзөмөл комитети” уюштурган. Аны уюштуруунун максаты - президенттик шайлоого даярдануу жана үгүт иштери ачык- айкын болушун камсыздоо.

 

Айтымында, келишимге 10го жакын эреже жазылып, аны президенттикке талапкерлердин баары  сакташы зарыл.

 

 

“Ар бир маселе боюнча бардык талапкерлер катышкан ачык дебат өткөрүү керек”, - деп белгиледи Феликс Кулов.

 

Кулов талапкер болчулар жигиттик сапатын көрсөтүп, көрсөтүлгөн эрежелерди так жана туура сактоо зарылдыгын да кошумчалады.

 

Дебатка экс-президент Роза Отунбаева, экс-пермьер- министрлер Темир Сариев, Феликс Кулов жана парламенттин бир катар депутаттары катышты.