8-майдан тарта Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоого үгүт иштери башталганын аймактык шайлоо комиссиясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, шайлоого мурда бириге албай, таркап кеткен партиялар, андагы талапкерлердин 70 пайызы катышууда.

 

Аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, мыйзамда аларды кайра катыштырбоо каралган эмес.

 

Буга чейин шайланып келген 7-чакырылыштын депутаттары бир пикирге келе албай, коалиция түзө алышкан эмес жана март айында өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алышкан. Анда шаардык кеңеш КСДП, "Ата Журт", "Республика - Ата Журт", “Өнүгүү - Прогресс” жана "Кыргызстан" фракцияларынан куралган болчу.

 

Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо 28-майда өтөт. Ага КСДП, "Ата Журт", "Республика", “Өнүгүү - Прогресс”, "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана" Бүтүн Кыргызстан" партиялары катышып жатат.

 

Булак: “Азаттык”