Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 446

 

- Турсунбек мырза, президентти шайлоо мөөнөтүн эртелетип белгилеш керек деген маселени “Ата Мекен” фракциясы көтөрүп чыкты. Бул маселе орундуубу же президентти бийликтен эптеп эрте кетириштин айласыбы?

 

- Чынында “Ата Мекен” фракциясы көтөргөн маселенин жөнү бар. Анткени, президенттик шайлоону ноябрда өткөрө турган болсок, ал эки тур менен өтүп кала турган болсо, анда 1-декабрдан өтүп кетип,  президент кол койгон документтер күчүн жоготуп коёт. Ошондой баш аламандыкка жол бербеш үчүн президенттик шайлоону Иса Өмүркулов айткан датага эле коюп койсок жакшы болчудай.  Себеби, ал айткан датаны  президенттин кеңешчиси да, депутаттар да колдоп жатат. Негизи президенттик шайлоонун кайсы күнү болоорун  президент эмес, парламент чечет. Тагыраак айтканда, президенттик шайлоонун датасын парламент  коёт.

 

- Мүмкүн шайлоо бир эле тур менен өтөөр?

 

- Шайлоо бир эле тур менен жыйынтыкталган күндө дагы экинчи тур болуп калышы мүмкүн деп эсептешибиз керек. Бул маселеде Европадагы өнүккөн мамлекеттерден үлгү алышыбыз керек.

 

- Эркин Мамбеталиевдин жансакчыларынын камалышы, өзүн укук коргоо органдары тинтиши эмнеден кабар берет?

 

- Бул нерсе президентке кызмат кылып жаткан адамдардын ортосундагы карама-каршылык орун алып, пикир келишпестиктер күчөп баратканынан кабар берет. Ошондой эле алардын ыркы кетип, “команда биримдиктен кетип жатат” десек да болот. Негизи мындай көрүнүш жакшы жөрөлгөдөн эмес, ынтымактын кетип, президенттин командасында тымызын тирештин күч алганын айгинелейт.

 

- Эмне үчүн Икрамжан Илмиянов депутаттыктан баш тартып, бирок ошол эле мезгилде президенттин коомдук кеңешчиси кызматына барды?

 

- Икрамжан Илмияновдун аракетин, башкача айтканда, депутаттыктан баш тартканын туура эле кабыл алдым. Ал депутат болуп отургандан көрө эки жакка чыгып, президенттин тапшырмасын аткарып, маселе чечкенди жогору көрдү окшойт. Мен ал жигити жакшы билем. Себеби ал конкреттүү иштерди жакшы жасайт. Аны сындап, ар нерсе деп түрдүү ат коюшканы менен ал жигит реалдуу иштерди  жакшы жасайт. Ошон үчүн парламентте депутат болгусу келбесе керек. Ал окуучулардай болуп, партада отуруп, чектелгиси келген жок. Ошон үчүн ушундай кадамга барды. Балким,  президент үчүн Икрамжан Илмияновдун парламентте эмес, өз алдынча болгону көбүрөөк пайдалуудур.

 

- Өткөн жуманын аягында “Дача-СУдагы митингге чыккандар камалып жатат”- деген маалымат тараган. Бирок, ошол эле мезгилде Курсан Асанов чыныгы Дача-СУлуктар эмес, аларды көкүтүп, алдап, “маселеңерди чечип берем”- деп жүргөн алдамчы адамдар кармалганын айтты. Кимисине ишенебиз?

 

- Мен Дача-СУлуктар менен да байланыштым. УКМКнын, ИИМдин кызматкерлери барып, лидерлерди камашканы чындык. Мен Курсан Асановдун айтканына кошула албайм. Ал депутаттардын алдында УКМКнын айтканын кубаттап, “карга карганын көзүн чукубайт”- дегендей эле кылып койду. Чынында пикет, митингдерди болтурбаш үчүн лидерлерин камап, активистерин коркутуп жатканы чын. Негизи мындай нерсеге жол бербеш керек. УКМК менен ИИМдин кызматкерлери тымызын, ыплас аракеттерди жасабашы керек. Анткени, укук коргоо органдарынын мындай аракеттери өкмөттүк комиссияга да көлөкөсүн тийгизип жатат.  Ошол эле учурда эл да өкмөттүк  комиссияны жамандабай, сабыр кылып турушу керек. Чынында Мукамбеткалый Абылгазиев баштаган комиссия да жакшы иштеп жатат. Жаманбы, жакшыбы 600 миң доллар бөлдүрдү. Ушуларды эртелеп бөлүштүрүп берсе эле маселе чечилип, нааразы болгон тарап унчукпай калат деп ойлойм.

 

- Эмне үчүн элден чогулган акчаны кармап, элге бербей жатышат?

 

- Аны комиссия, эл арасында нааразычылык жок болгудай кылып чечебиз деп  кармап жатыптыр. Мен өкмөттүк комиссиядан дагы эмнеге элден чогулган каражаттар кечиктирилип жатканы боюнча сурадым. Алар маселени кийин сөз болбогудай кылып, бүткөрөлү деп аракет кылып жатышканын айтты.

Чынында Дача-СУда дагы бир маселе бар. Жакындары курман болгондордон тышкары ошол жерде жашагандар да компенсация талап кылып жатат. Алардын арасында: “өлүктөрдү биз ташып, моргго алып бардык. Ошонун азабынан балдарыбыз оорулуу болуп калды. Денелерине бир нерсе чыгып кетти. Өзүбүз түн ичинде уктабай калдык. Бизге да моралдык компенсация берилиши керек”- дегендери да бар. Ошон үчүн бул категорияны да карап чыгышы керек. Кыскасы, ал жактагы көп жактуу татаал маселелерди өкмөт мындан аркы убакытты чойбой кылдаттык менен чечиши керек.

 

- Элден чогулган миллиондогон каражаттан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9 миллион сом алып, ошол күнү кетирген каражатын толуктады. Эл ошол мезгилде акча которбой койсо, өкмөт не кылат эле?

 

- Бул нерсе өкмөт тарабынан туура эмес кабыл алынган чечим болуп калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кандай  кырсык болсо да кол-кабыш кыла турган каражат даяр турушу керек. Элден чогулган акчадан өкмөт чыгымын жапканга акысы жок. Анткени, кырсык болгон жерге барып, жардам берүү өкмөттүн милдети. Ошондуктан ошол кырсыкта корогон каражатын кечип деле койсо болмок. Башкача айтканда, “корогон каражатты кайтарып алдык”- дегени өкмөткө абийир, аброй деле алып келбейт.

 

- Өкмөттүн, президенттин, спикердин фондунан коргон каражатка караганда элден көп акча чогулду го? Эми элдин акчасын элге неге бербей жатышат?  

 

- Ушул нерсенин өзү эле “бир уйдун мүйүзү зыркыраса, миң уйдун мүйүзү зыркыраарынан” кабар берди. Эл ошол кырсыктан жабыр тарткандардын кайгысын, азабын тең бөлүштү. Ошон үчүн акыркы акчасы экенине карабай жабыр тарткандарга жардам бергиси келди. Эми өкмөт чогулган каражатты туура пайдаланып, элдин маселесин чечейин деп жатышат. Бирок, убакыттын созулуп кеткени эл арасында күмөндүү ойлорду жаратууда. Балким, Азиз Турсунбаев айткан сунушту да эске алышаар. Чогулган  каражат менен жабыр тарткандарга бүтпөй жаткан үйлөрдөн деле алып берип коюшса болот. Бирок, бул маселени чечүүдө менин да сунушум бар. Мен өкмөттүк комиссиянын башчысына кире албай жүрөм. Бакиевдин доорунда Ново-Павловкалыктарга  аэропорт жактан 400 га жер берилген. Бирок, аэропорттогулар “аэропортту кеңейтебиз” деген шылтоо менен  ал жерди эмес, “башка жактан жер беребиз”- дешкен. Берилчү жерге  4 миңге чукул үй-бүлө отурукташса болот. Ошол жерден жер ала турган  атуулдар Дача СУлуктарга алчу жерибизден бөлүп берели дегенге макул болуп жатышат. Өкмөттүк комиссия Чүйдүн боорунан жер табалбай жатабыз деп жатышса, эл Дача СУлуктарга боору ооруп, өздөрү ала турган жерден бөлүп бергенге даяр болуп жатат.

 

- Кулаган учактын эсебинен түрк фирмасынан деле акча өндүрүлгөн экен. Бүгүн жогору жактагылар элдин маселесин чечкенден мурун кулаган учактагы жүктүн акчасын кайтарып алуунун аракетин көрүп жатат дегендер да көбөйө баштады го?

 

- Вице-премьер-министр Абылгазиев Мукамбеткалыйды мен көп жылдан бери билем. Ал андай ыплас иштерге аралашпайт. Соцфонддо дагы жакшы иштеди. Ал элге каршы иштеп, ошондон пайда табалы дебейт. Булар жакында бул иштин аягына чыгат. Өнчү каражаттарды өндүрүп, аны элдин пайдасына колдонот, Дача СУлуктардын маселесин чечүү үчүн жумшайт деп ойлойм.

 

- Эмне үчүн азырга чейин жүктүн ээси ким экенин айтылбай жатат? Бул жүк чындап эле президентке жана анын жубайына таандыкпы?

 

- Жүктүн ээси боюнча чоң сыр бар. Ошондуктан Кыргызстандагы басма сөз айдыңына түрдүү пикирлер жазылып жатат окшойт. Ар ким ар нерсени айтканы менен колубузда факты жок болбогондон кийин эч нерсе айталбайбыз. “Ата Мекендин” адвокаттары чыгарган фактыны түрк элчиси жокко чыгарып салды. Бул маселеге президент чекит коюп,  көрүнгөн жөө жомокко жол бербей, көз карандысыз эл аралык уюмдардан турган комиссия  түздүрүп, аныгына чыгышы керек. Антпесек, түрк элчиси жүк Кыргызстанга тиешелүү эмес дегени менен маселе чечилбейт. Бирок, ошол эле мезгилде ал жүк президентке жана анын жубайына тиешелүү деген ойдон алысмын. Президент андай жаман иштерге барат дегенге кошула албайм.  

 

- Нариман Түлеевдин мүлкү ал айткандай мыйзамсыз күчкө салынып тартылып  алындыбы?

 

- Мен да ал жерге бардым. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы имаратты Мамлекеттик мүлк фондусуна өткөрүп берүү аракетин көрүп, таңкы беште келип, террористтердей болуп имаратты басып алышыптыр. Бул жердеги негизги маселе Нариман Түлеев менен бийликтин ортосундагы тиреш эмес, ошол имаратты арендага алып иштетип жаткан арендаторлордун укугу бузулганында болуп жатат. Негизи цивилдүү мамлекеттерде кокус имарат өкмөткө өтө турган болсо, 15 же 10 күн мурун  “арендаторлор чыгып кетсин, бул имарат өкмөттүн карамагына өтөт”- деген жарыя илинет. Жарыя илинбей басылып алынганы үчүн  арендаторлор “акчабызды алып койсо ким төлөйт” деп ар кайсыны ойлонуп, ыйлап турушту. Ал жерден Нариман менен да, иниси Нарынбек менен да сүйлөштүм. Экономикалык кылмыштар менен күрөшкөн кызмат прокуратуранын чечимин көрсөтүп, “имараттан чыккыла” деп келген экен. Чынында аталган  кызматтын  кызматкерлери алгач сотко берип, соттун чечимин чыгартып келгенде азыркыдай эки ача ойду жаратпай баары мыйзамдуу болмок. Түлеевдерде эч кандай аргумент калбай калмак. Кыскасы, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы катачылыкка жол берген үчүн Наримандын айтканы жөндүү болуп жатат. Чынында ал жерди атасы курган. Жетим болуп жүрүп жетилген адам болчу. Ошол кишинин кабинети 6-кабатта болчу. Басып албай, мыйзам жолу менен алышса болмок.

 

- Президенттикке аттанып жаткандар боюнча нелерди айта аласыз?

 

- Президенттикке бу сапар акчасына чиренген же болбосо бүт нерсени акча деп түшүнгөн адамдарды шайлабашыбыз керек. Анткени, акчалуу адамдар элди ойлобойт. Керт башынын кызыкчылыгын, өзүнүн ыңгайын гана карап жашашат.

 

- Темир Сариев боюнча кандай ойдосуз?

 

- Негизи Темир Сариев премьер-министр катары жакшы иштеген. Бирок, аны жолду шылтоо кылып, кызматтан алганы туура болбой калган. 2007-жылы апрель митингинде Бакиев бийлигине каршы митинг күч менен таратылып жатканда качып кетпей, газ жутса да, эл менен калган артыкчылыгы да бар.

 

- Бакыт Төрөбаевчи?

 

- Бакыт Төрөбаевдин атасы бай болгон, кыйынчылыкты көрбөй чоңойгон адам. Жакшылык, жамандыкты көп көрө элек. Даярдын үстүндө, башкача айтканда, атасынын байлыгы менен көтөрүлгөн бала. Ошондуктан, бул бала азырынча бышып жетиле элек. Бышмак турсун, ак-караны анчалык ажыратып биле элек. Ошондуктан, айрым маселеде  элдин кызыкчылыгын эмес, өз кызыкчылыгын жогору коюп коюшу мүмкүн.

 

- Президенттикке талапкер болгон сизде катачылык жокпу?

 

- Албетте, бар. Мен алардай акчам болбогону менен, бюджетке кол салбадым, жалаң укук коргоо тармагында иштедим. Кыргызстандын демократиялуу өлкө болушуна аз болсо да салым коштум. Чындык үчүн чырылдадым. Бирок, ошол эле мезгилде шашмалыгымдын азабын көп эле тарттым.     

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: "Майдан. kg" гезити