Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 216

Ал журналисттер менен жолугушууда президенттин байлыгына басым жасады.

 

“2000-жылдары Атамбаев ийгиликтүү ишкер болгондуктан, Түркиядан да компания сатып алууга чама-чаркы жетмек. Ал кайсы бири ири компаниянын уставдык капиталынын үлүшүнө кирди деп ойлой көрбөгүлө. Анын эки фирмасы бар эле, аларды укмуштуудай деле көп каражатка сатып албаган”, - деди Байсалов.

Эдил Байсаловдун айтымында, ал Кыргыз ССРинин жазуучулар союзунун жетекчилигинде Алмазбек Атамбаев турган кезде баланстагы мүлктөр кайда кеткенин иликтеп атат.

 

Ал ошондой эле, президенттик аппараттын басма сөз кызматын “калпычылар” деп атады.

 

“Атамбаев 2003-жылы сатты делген Elektromed Elektronik компаниясына анын такыр тиешеси жок. Ал компания эч убакта Атамбаевге таандык болгон эмес. Сөз Gulcanlar фирмасы тууралуу болуп атат. Gulcanlar фирмасын чындап эле Атамбаев түптөгөн, бирок аны басма сөз кызматы айткандай, 35 миллион долларга эмес, 26 миң долларга гана саткан. Мен президенттин байлыгына шек артуудан алысмын, бирок, басма сөз кызматы мындай апыртмаларды ойлоп таап, элдин башын тегереткенден кандай пайда табат?”,- деп таң калды жарандык активист.

 

Байсалов бул боюнча депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын белгиледи.

 

Буга чейин, саясаттагы атаандаштардын күчтүү кармашы бири-биринин байлыгынын булагын чукумайга алып келген болчу. Президент бир кездеги санаалаштарынын байлыгы адал жол менен келгенинен шектенип, жар салган. Атаандаштары да тим калбай, президенттен байлыгын кайдан тапканын ачыктоону талап кылышкан. Орус президенти Путин Кыргызстанга келип, журналисттер менен жолугушууда Атамбаев: “Мен 1980-жылдардын аягында эле мультимиллонер  болчумун”,- деп агынан жарылып, коомчулукка ал миллиондор кайсы асмандан жааганы кызык боло баштады. Акырында, өзү да байлыгынын баштапкы булагын ачыктап бермейин тынч албашын билдиби, башпрокурор Индира Жолдубаеваны чакырып, маалымат берген. Айтымында, башты айланткан байлыкка баштаган жол Түркиядагы менчик компаниясын сатуу менен башталыптыр. Жогоруда, Эдил Байсалов белгилегендей, тез эле президенттин эчаккы компаниясы президенттик аппараттан белгилешкендей, миллиондогон суммага эмес, миңдеген гана долларга сатылганы “ыкчам” тараптар тарабынан иликтенип чыга келген. Президенттик аппарат ката кеткенин айтып, кошумча документтерди көрсөтүүнү убадалаган, бирок, ошондон бери Акүй тарап тынч. Миллиондордон да дабыш жок.