“Хан Ордо – 7 ата” коомунун координатору Айтпай Абдыкадыровдун айтымында, 25 жылдан бери жашоодо эзилген, жумушсуздук айынан турмушу оңолбогон, жакындарынан күтүүсүз айрылган элдин тагдырын ойлоп, республикадагы аттуу-баштуу аксакалар ушундай кыймыл түзүү чечимине келген.

 

“Кытай философу Конфуций: “Бир жолу жасаганды дагы кайталасаң, аның бара-бара көнүмүшкө айланат. Көнүмүштү көбөйтсөң - аның адатка айланат.Адаттан мүнөз жаралат. Мүнөздөн тагдыр түптөлөт”,- деп кыргыз элине да айткан окшойт. Бирок, 25 жылдан бери акылдуунун сөзүн укпадык! Акылдуунун илимин албадык! Көздүүнүн артынан эрчибедик! Тескерисинче: шайлоо сайын куру убада, трактор бере салмай, жол оңдомой, бүтпөй калган курулушту бутүрө салуу же тамак берүү жана таасирдүү адамдарга акча берүүлөр 25 жылдан бери адат болуп калды. Ага да макул десек, элдин жашоо-турмушу оңолбой, туңгуюкка кептелип жатпайбы. Ошондуктан, карапайым эл ичинен мыкты азаматты тандап, президенттик кызматка шайлоодо анын талапкерлигин көрсөтүү аракетин жасаганбыз”,- дейт ал.

 

“Биз жумушубузду аягына чыгара алган жокпуз. Президентик шайлоого катышабыз деп “Хан ордо -7 АТА” аталыкты тузуп жаткан учурда эле катышуучулар олку-солку болуу менен бир пикирге келбей, кээ бири жоопкерчиликтен четтешти. Апрель айында аталыктын жыйын өткөрүү планы ишке ашпай калды. Натыйжада 23-апрель 2017-жылы “Хан ордо-7 АТА” аталыгы өз ишин токтотту”,- деп билдирди Айтпай мырза.

 

“Кыргыз эли 25 жыл эгемендик жылдарда кимдердин ким экенин аябай жакшы эле билип калышты. Бирок, “өңдү көрсө жуз таят” болбойлу. Акылдуунун тилин алып, көздүүнүн артынан эрчий турган убакыт келди. Тирүү туруп, угуп-көруп, убакытты текке кетирбейли!”- деп ураан чакырган кыймылдын өз ишин токтотушуна чынында эмне себеп болду? Же кайрале бийликтин кысымыбы? Же пулдуулар аксакалдарды азгырып, алдап же коркутуп чындап карапайым эл ичинен талапкер чыгышына каршылык кылыштыбы? Бул азырынча белгисиз, бирок, анын чоо-жайын иликтеп жатабыз.