Ушул жумада президент бир топ Жарлыктарга кол коюп, элчилер менен консулдарды дайындады. Алардын катарында Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп Эркин Сопоков деген дайындалды. Бул адам ага чейин "Ала-Арча" резиденциясынын директору болуп иштептир. Андан да мурда муфтияттын каржы тармагында, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигин аркалагандыгынан кабарыбыз бар. Ал тургай президенттин шоопуру, кийин  “катта” шоопурунун шоопуру же досу деген сөздөр айтылып жүрөт. Кыскасы, дипломатиялык билими да, жөндөмү да, чет тилдерин, жок дегенде түркчөнү билери тууралуу ныпым маалымат жок. Өмүр баяны деле кыска жана супсак экен. Анткен менен кыргыз саясаты менен дипломатиясында аты-жыты билинбеген бул эргулдун жогорудагы карьерасы менен ооматы 2010-жылдан кийин “жангандыгын” байкадык. Бир чети жакында көзү өткөн (жакшы адам эле, жаткан жери жайлуу болсун) белгилүү адамдын күйөө баласы болгондугу да билим деңгээли менен адамдык касиетине карабай майлуу, жайлуу кызматтарда иштөөгө шарт түзгөндүгү айтылып келет. Анткен менен ошол учурда айрым маалымат каражаттары Э.Сопоковдун жүрүш-турушу, моралдык жагы тууралуу бир топ эле жазышты эле. Албетте, биз кимдир-бирөөнүн жакшы кызматты ээлешине ичибиз тарыбайт. Бирок дипломатиялык кызматка, болгондо да стратегиялык мааниси бар өлкөнүн консулдугуна чарбалык деңгээлдеги, биографиясы ар кандай... адамдын дайындалышына таң калат экенсиң. Кыскасы, “За державу обидно”.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити