Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 577

 

Аликбек Жекшенкулов, коомдук ишмер: 

 

- Бүгүнкү жыйынга “эртең Кыргызстандын келечеги эмне болот”- дегенге кайдыгер болбогондор чогулуптур. Мен кайсыл убакытта, кандай абалда президенттик шайлоо өтөөрүнө сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет. 2005-2010-жылдардагы революция же бийликти басып алуу деп атайбызбы, ошол убакытта да эл аралык мамиле туруктуу болчу. Бирок бүгүн айрым саясатчылардын өлкөбүздүн эртеңки келечеги жана азыркы абалын Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктан тышкары сыяктуу талкуулашат. Сырткы фактор – саясатта, коомго, экономикада жана маданиятта да катуу таасирин тийгизет. Өзгөчө ушул жылы белгилүү болот. Азыр ушул жерде мурдагы премьер-министрлер, министрлер, губернаторлор, баарыңыздар отурасыздар. Кимдир бирөөнүн амбициясы үчүн эмес, Кыргызстанга керек болгон идеялардын үстүндө биригишиңиздер керек. Бирөөнү тандап алалы деп иш алып барбай, биздин мамлекеттин туруктуулугун жана тынчтыгын ойлошубуз керек. Мына ушул бизге баарынан маанилүү. Бир гана өзүн, партиясын эмес, жалпы Кыргызстанды жана дүйнөлүк аймакты ойлогон адамды тандообуз зарыл. Мына ушул жерде отурган баарыбыз мурдагыга, учурга жана келечекке жоопкерчиликтүүбүз.

 

(“Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” тегерек столунда сүйлөгөн сөзүнөн)

 

Булак: “Майдан.kg” гезити