Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.
Анын айтымында, кечээ мамлекеттик комитет Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна кайрылган.
«Текебаевдин абактагы мөөнөтү 25-апрелде аягына чыгат. Процедуранын беш күнүндө эгер материалдар сотко өткөрүлбөгөн болсо, узартуу өтүнүчүн жолдой алышат. Үч күндүн ичинде ал өтүнүч каралышы керек. УКМКнын кайрылуусун сот бүгүн кабыл алат»,-дейт адвокат.
Текебаевдин тарапташтары маал-маалы менен митингге чыгышып, саясатчыга боштондук талап кылышууда.