Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 222

 

Жакында, «Ата Мекен» фракциясы президенттик шайлоону 27-августка белгилөө зарылчылдыгын айтып чыккан.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кезектеги президенттик шайлоонун күнүн белгилөө Конституциянын  жана «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу»мыйзамынын алкагында жүрөт.

 

БШК аталган фракциянын билдирүүсүнө: «Конституциянын 61-беренесинде «президент Кыргыз Републикасынын жарандары тарабынан алты жылга шайланат» деп жазылган. Жогоруда аталган мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүмүндө «кезектеги президенттик шайлоо жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде, президенттин бийликтеги мөөнөтү аяктаган соң өткөрүлөт» деп турат», - деп түзөтүү киргизди.

 

Атамбаев 2011-жылдын 30-октябрында президенттикке шайланган.

 

«Жогоруда келтирилген мыйзамдардын негизинде, 2017-жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде, тактап айтканда, 19-ноябрда президенттик шайлоо өткөрүлүшү керек», - деп тактады БШК.

 

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жакында, президенттик шайлоонун күнү белгилөөнү Жогорку Кеңеш 26-апрелден кеч калбай колго алып, президенттик шайлоо 27-августтан кеч эмес убакытка белгилениши керек деген пикирин билдирген.

 

Айтымында, азыркы Конституция боюнча президент алты жылга шайланат. Ошондо, Атамбаевдин 2017-жылдын 2-декабрынан ары бир күн да бийликте кармалууга акысы жок. Эгер, шайлоо 19-ноябрга белгилене турган болсо, БШКга добуштарды саноого 20 күн керектелет, анын жыйынтыгын жарыялоо үч күндө ишке ашат.

 

Дагы отуз күн жаңы президенттин ант берүү аземин күтүүгө кетет. Бул дагы, эгер талапкерлер арасында нааразычылык болбой, эч бири шайлоо жыйынтыгын сотко бербеген учурга ылайыктуу. Шайлоону ноябрга белгилөө Атамбаевдин бийликте алты жылдан ашык кармалуусун шарттап, мыйзам одоно бузулат.