-  22.15тер менен 22.30дар аралыгында үйдө олтургам. Балдарым уктаганы уктап, уктабаганы ойноп. Келинчегим телевизор тиктеп. Короонун дарбазасы такылдады (конгуроо деле бар болчу, бирок ал кээде иштеп, кээде иштебей калмайы бар). Үйдүн тышкы эшигин ачып” “Ким?!” десем, “..мен эле кошунаң, чыксаң” деди ар жактан эркектин үнү. Бейкапар дарбаза эшигин ачып “салам алейкум..” дегенди айтып үлгүрө электе жакадан жулкуп, колдон капшыра кармап эки-үч киши орусча-кыргызча аралаштыра сөгүнүп айтчусун айтып дешти. Теңинен көбү эле сөгүнгөн-үркүткөн, а түгүл мен кайсы жердин абасынан дем алып жатканым туурасындагы трайбалисттик маанайдагы, көчө денгээлиндеги богооз диалогду бул жерде тизмектетүүнүн зарылчылыгы жок, ток этер мааниси – интернеттен Садыр Жапаров менен болгон маектерим, ажого сын айткан “Багыт”, “Сөз ирмем” деген көрсөтүүлөрдү жарыялоону, Фейсбукка ой пикир жазууну токтотушум керек экен. Алты-жети мүнөткө жетпеген убакыт ичинде “коноктор” келген максатын түшүндүрүп бүткөн соң, көкүрөктөн ары бир силкип, тээ өйдө жакта токтоп турган “седан” машинеге карай басышканын караңгыда чала көрүп, зуулдап кеткен унаанын үнүн короого киргенде уктум. Жаңы конушубуз тээ шаар четинде, көчөлөрүндө жарык жок, тээ мандай жактагы эле кошунам болбосо, жан-жакамда фундаменти куюлган, жарымына чейин тургузулуп, курулуп бүтө элек үйлөр. Сабаса сабап, бычактаса бычактап, өлтүрсө өлтүрүп кетсе деле боло турган шарттан жаңы эле аман калганыма сүйүнүп, бирок мүмкүн болушунча өзүмү токтоо кармап, бозала болуп үйгө кирдим. Келинчегиме сыр бербей, жакшы эле айтпайын деп, бирок андан башка кеңешчү кишим жок экенин түшүнүп, бир топтон кийин сырттагы болгон окуяны айтып, анан акылдашып, ишенимдүү деген укук коргоочу, саясий ишмер, бирин-экин тааныштарга жазчуну жазып, кабардар кылып, бүгүн да өзүбүз туура деп эсептеген кадамдарды жасадык.

 

Кечээ түнү үйүмө келген “коноктор”, силердин ким экениңерди, жүзүңөр кандай экенин көрбөсөм да, ушул жазгандарымды баары бир окуй турганыңарды билип жазып жатам. Анткени “ютубдагы”, “фейсбуктагы”, интернеттеги менин чыгармачылыгымы билгениңер анча-мынча интернет караган “интеллигенттүү коркуткучтар” экениңерден кабар берет, а балким ким билет, силер тек гана бир “чап” десе чаап келчү, “коркут” десе коркутуп келчү аткаруучулар чыгаарсыңар… Мен силерди күнөөлөбөйм достор, бирок кечээги силерге берген убадаларымды толук аткара албасымды ачык айтып коеюн деп турам: анткени мен өзүмдүн “ютуб” каналымдагы көрсөтүүлөрдү толук өчүргөн күндө да, “фейбсуктагы” макалаларымды өчүргөн чакта да, ал көрсөтүүлөр, мен жазган макалалар, берген маектер башка сайттарда, ютубдагы башка каналдарда сакталуу тура берет да? Аларды кантип мен өчүртмөк элем? Ошондуктан силер “өчүрүп кой” деген нерселердин баары мен өчүргөн менен, баары бир интернетте калкып тура берээрин туура эле түшүнөсүңөр деп ойлойм. Мени моюндан булккан баатыр, менден кичүүсүңбү-чоңсуңбу билбейм, бирок мен сага эркекче сөз бердим эле, кайра сага ушунтип баарын түшүндүрүп, “бүт баары толук өчүрүүгө мүмкүн эместигин” эркекче айтууга туура келүүдө, муну өзүң да түшүнүп, сени жөнөткөн тараптарга да туура түшүндүрүп коесуң деп ниеттенем. Бул жазгандарымды окуп калсаңар, балким түпкү маанисин түшүнөөр деп, силерди “..бирөөнүн эмес, өзүнүн акыл эси менен ойлонуп анализ жасай алган кишилер болуш керек..” деп чамалап, атайы силерге карата жооп жазып жатам.

 

Бул кайрылуу коркуп кеткендеги “өлтүрдү, сойду!! жардамга!!” деп жар салган кайрылуу эмес же эч кимден коркпогон “баатырдык, эр жүрөктүүлүк” деле эмес. Бул менин интернеттеги айткан, жазган көз караштарыма макул болбогон тараптын өзүнө жөн гана адамча, журналистче, жаранча түшүндүрүү. Менин сындарымдын артында Атамбаевдин жана анын чөйрөсүнүн өлүшүн, атылышын, жоголушун каалаган мандем жок, сын мамлекеттик система оңолсун, системадагы кишилер оңолсун (мейли ал Атамбаев, Текебаев, Жапаров болобу), өлкөбүз оңолсун деген максатта айтылып келе жатат. Коркутуу болору менен “..муну Атамбаев эле кылды” деп айкырып чыккандай болбоюн, бирок не бар, не жок, үй-бүлөмүн, өзүмдүн коопсуздугумдун алдын алып айтып коерум: күн өткөн сайын агы-көгү, “кызылы”, “карасы” аралашкан, ИИМге, Прокуратурага, Сотко, УКМКга ишенбеген, биротоло мамлекеттик эмес же бандиттик эмес система орноп баратканын мамлекет башчыбызга кулак кагыш кылып айтып койгум келет. Мен “Ош ТВда” иштеп жатканда “айттырбай эле өзү билип” билип сот аркылуу телеканалды тартып алып коюшкан сыяктуу, мен НТС телеканалында иштеп жатып президентке “Фейсбук” аркылуу он суроо узата койгонумда “айттырбай эле өзү билип” мени жумуштан айдашкан сыяктуу, “айттырбай эле өздөрү билип” түнү үйүмө келип коркутуп коюну каалагандардын планынан президенттин кабары такыр жок экенине мен толук ишенем. Бул тек гана, президентке акаарат айткандарды тыюу жолу менен “президентке жардам берип жатабыз” деп жаткан берки жактагы чон муштум жасоолдордун майда иши деп шектенип турам. А болбосо, мен жазган макалаларда, көрсөтүүлөрдө айтылган тигил же бул фамилиялардын эч кимисине жан тартайын же жапыра чабайын деген оюм жок. Анткени алардын күнөлүү же күнөлүү эмес экенин билгидей мен сот эмесмин. Жапаров-Текебаев маселесине байлап менден шек санап жатышкан болсо, журналист деген орток кесип, мага койсо жолун таап Батукаевден да, а түгүл баары коркуп жаткан “Ислам мамлекети” кыймылынын башчысынан ар тараптуу суроолорду берип эксклюзив-маек алсам деген журналисттик кыялдарым бар экенин жашырбайм. Бул жеке менин гана эмес, журналистика чөйрөсүндөгү бардык өз кесибине чындап берилген ар бир журналисттин нормалдуу, чыгармачылык амбициясы.

 

“Фейсбукка” жарыялаган көз караштарыман, көрсөтүүлөрүмөн улам “коркпойт, жалтанбайт, жүрөктүү..” деген сыяктуу алкаган-мактаган комментарийлерди окуп калам. Чынын айтайын, тирүү адамдагы бардык сезимдер менде да бар, корккондо корком, жүрөк кооптонот, акыл-эсиң менен ар кыл нерселерди ойлонуп, өзүң үчүн, үй-бүлөң үчүн, ата-энең үчүн санаага батасың. Шанаңдап “эл мени баатыр деп атат” деп , ойлонбой-этпей автоматтык түрдө тарсылдай берчү сезимсиз робот эмесмин, пенделик акыл-эсим баары жайында. Ар бир тамганы, сөздү, сүйлөмдү жазып атканда ойлонуп-толгонуп, сөзүмдүн, тилимдин жоопкерчилиги бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да өзүмдө экенин, мен жазганды канчалаган адамдар окуп демек алардын оң же терс жакка бурулуусуна да менин тиешем бар экенин сезип жазам. Жазган көз караштарымда “өлкөм бүлүнсүн, өнүкпөсүн, талкалансын” деген кара ниет жок. Анан калса, президент Бакиев кезиндеги өкмөт башчысы Алмаз Шаршенович белекке берген камчы менде алигиче сакталуу, ал камчыны Атамбев мага эмне деп бергени да эсимде: “..сындап тур, камчылап тур, ушинткениң өкмөткө, бийликке чоң жардам болот” деген ал. Кайыш өрүмү бар, кыргыз оймосу түшүрүлгөн кымбат булгаарыга оролуп, текенин туягынан жасалган камчыны маал маалы менен колго кармап, чаңдарын сүртүп коем.

 

Соңунда, үйүмө келген кечээги “меймандарга” ачык айтаарым, женил эмес салмактуу, тайыз эмес терең критикалоону уланта берем досторум, анткени бул Атамбаевдин мага берген аманаты. “Коркутуп коюу” идеясын силерге ким айтса да, ошол тарапка: “Кыязов дегениңиз төрт-бешөө келип коркуткудай чоң дөө эмес эле арыкчырай бир журналист экен, бир бирибиздин үйүбүзгө түнкүсүн келип коркутпаган, жадырап-жайнап мейман болуп кетчү, көчөлөрү жарык, жолдору ылай эмес асфальтталган жаны конуштары бар системанын келиши үчүн сын макаларды жазып жатам деп айтты”- деп, төбөлдөрүңөргө ысык салам айтып койгула баатырлар!…

 

Силердин өзүңөргө, үй бүлөңөргө тынчылык, амандык каалап, урматым менен

Эрнис Кыязов.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити