Саясатчы Камчыбек Ташиев «Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик» аталышындагы тегерек үстөлдүн жүрүшүндө учурдагы кыргыз саясатындагы акыбал тууралуу пикирин ортого салды.
Айтымында, учурда Кыргызстанда баарынан стабилдүүлүк маанилүү.
«Эгер бүгүн стабилдүүлүк маселесин чечпесек, анда Кыргызстанды дагы бир жолку саясий кагылыш күтөт», - деди ал.
«2011-жылы шайлоо тууралуу бардык мыйзамдар бузулган. Жыйынтыгында, эмнеге ээ болгонубуз белгилүү. Бардык нерсе мыйзам алкагында болуп, бийликке байлыгы менен мактанган, өзүн өзү пиарлаганды жакшы көргөн адам эмес, мамлекетти көтөрө турган лидер келиши керек»,- деди Ташиев.