«Ата Мекен» фракциясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Азиздин айтымында, аны жана Таалайгүл Токтакунованы ИИМге кезектеги суракка чакырышкан.
«Бирок, жалган маалымат жеткирүү же айыптоо болбогондуктан, такыр кылмыш курамы жок. Биз Башкы прокуратурадан болгон президенттин билдирүүсүнө укуктук баа берүүнү өтүнгөнбүз. Эч кандай ушак жеткирүү болбогон», - дейт Канат Азиз.
Белгилешинче, эртең 14-апрелде, Бишкек шаардык сотунун имаратында Таалайгүл Токтакунованын жана журналист Нарын Айыптын мүлкүн камакка алуу боюнча сот процесси болот.