Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 286

 

Буга дейре Борбордук шайлоо комиссиясы жеке телеканалдарга шайлоо үгүт иштерин чагылдырууга тыюу салчу маселени көтөргөн. Аны телекөрүүчүлөргө жана талапкерлерге камкордук катары баалашып, шайлоочулар көкөйгө тийген шайлоо жарнамасын көрүүдөн кутулса, талапкерлер ашыкча чыгым болуудан карманышат деп түшүндүргөн.

 

БШКнын бул сунушун эске салган депутат Алмазбек Токторов КТРКнын өкүлдөрүнө:

 

«БШК жеке телеканалдарга шайлоо үгүтүн чагылдырууга тыюу салу боюнча маселе көтөрдү. Мындай материалдар бир гана КТРКда көрсөтүлөт. Сыягы, жакында бул сунушту БШК парламентке чыгарат го. Парламент аны колдоого алабы- албайбы, билбейм, Бирок, менимче колдойбуз го, биз баарыбыз БШКдан коркот эмеспизби»,-деди.