“Тазар” кинокомпаниясынын продюсери Эмир Сарпашев менен 7 жылдыгы жакындап калган революция жана иниси Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш иши тууралуу ой бөлүштүк.

 

- Эмир мырза, быйыл апрель окуясына 7 жыл болуптур. Сиздин баамыңызда революциянын максаттары, тилектери ишке аштыбы?

 

- Акырындык менен революциянын максаттары, тилектери ишке ашып, орундалып жатат деп ойлойм. Эң негизгиси, процесс башталды. Бирок эски түзүлгөн система ал максаттардын ишке ашышына, революциянын тилегинин орундалышына  өтө чоң каршылыктарды көрсөтүп жатат. Себеби, революциянын максатын ишке ашырууга беш  жыл аздык кылат. Ага ондогон жылдар кетет.

 

- Революция Кыргызстанга эмне берди?

 

- Көп  нерсе берди! Эң негизгиси дүйнөлүк коом биздин өлкөнү жакшы жагынан тааныды!

 

- Эми революция жасоо кыргыздарга адат болуп калбайбы?

 

- Адат болушу үчүн ар дайым революциялык абал түзүлүшү керек! Андай азыркы учурда жок. Болгону эски системаны каалагандар аракет жасап жатышат. Бирок, алар коррупционерлер, мамлекетти уурдагандар, өлкөбүздөн качып кеткендер, мородёрлор. Алардын саны жана аракети революциялык абалга алып келе албайт.

 

- Бирок, анткениңиз менен коомчулукта “үчүнчү революция болушу мүмкүн” деген ойдогулар да бар го?

 

- Ал пикирлер мен жогоруда айтып кеткендердин гана ою. Мен ишенем, реформа дагы алга жылат. Ошондон алар коркуп жатышат. Соцсеттерде он чакты жалданган кишилердин "эмгеги" эч кандай революция кыла албайт. Кыскасы, үчүнчү революция болбойт.

 

- Эмир мырза, бир тууган иниңиз Тайырбек Сарпашевге да эмнегедир кылмыш иши козголду. Эгер соттор адилет чечим чыгарбаса, силер да элди чыгарып адилеттик үчүн күрөшүп калбайсыңарбы?

 

- Биринчиден, бир тууган инимдин иши так. Анын күнөөсү жок экенин акыры тергөө далилдейт. Аны дагы жогоруда мен сөз кылган кишилер айрым журналисттерди жалдап алып, ак жеринен  каралап жатышат. Менин иним кызматынан кыянаттык менен пайдаланбаган, кайсыл жерге иштесе да иштин көзүн таба билген реформаторлордун бири. Аман болсок, аны тарых көрсөтөт.

 

- Айтканыңызга ынаналы. Иниңиз Тайырбек Сарпашев “мен качпайм, ооруп да калбайм. Тергөө менен кызматташам”- деген сөзү үчүн камакка алынбай жатабы?

 

- Силерге айтпадымбы, аны ак жеринен каралап жатат. Негизи иш таптакыр башкача! Ал ак.

 

- Бийлик бу сапар толкуган элди алаксытыш үчүн иниңиз Тайырбекти садага чаппайбы?

 

- Менимче, бийлик садага чаппайт. Акаевдин же Бакиевдин тушунда болсо, чындыкты төө бастыга алышып, садага чаап жибермек. Азыр чындык Тайырбек жакта. Ошондуктан бийлик садага чабайын  деген жок. Аны садага чапкысы келгендер жанагы мен айткан уурулар, коррупционерлер, мародерлор. Башкача айтканда, эски системаны көздөгөндөр. Ким эмне десе да Кудайдын алдында бир гана чындык бар.

 

- Азыркы бийликтин тушунда чындык бурмаланбайт деп ишенсек болобу?

 

- Азыркы бийликте чындык бурмаланбайт деп ишенсек болот. Бирок, азыркы бийликтин  ичинде эски система  отурат. Ошолор өз максаттарына жетиш үчүн инимди каралап жатышат.  Бирок, алар карандай жалааны илүүдөн коркот. Себеби, бийликте таза адамдар дагы бар. Болгону, айрым басма сөз кызматынын өкүлдөрүн пайдаланып, туура эмес маалыматтарды бердирип, инимди каралатып, коомдук пикир жаратып жатышат.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити