Кыргыз саясатында өзүнүн жогорку адамкерчилик, инсандык касиети менен таанылган жана кадыр-баркка ээ болгон бир-экөө болсо да адамдар бар. Алардын бири Абдыганы Эркебаев экендигин айтсак, жаңылбастырбыз. Кезегинде Абдыганы мырза Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун назарына илинип, кыраакы жетекчи “Кыргызстандын болочок президенти”,- деп айтканын да кулагыбыз чалган. Бирок дал ошондон баштап ал кездеги А.Акаев менен анын “Хюреми” М.Акаеванын ичи тарып, А.Эркебаевди куугунтуктай башташкан. Анткен менен кайсы бийлик болбосун бул кишини башына кыйын күн түшкөндө “кризис менеджер” катары пайдаланып келет. Ошол эле убактылуу президент боло калган Р.Отунбаева 2010-жылдагы Оштогу июнь коогалаңынын кесепеттерин иликтеген мамлекеттик комиссиянын жетекчилигине дайындап, бүтүндөй Убактылуу өкмөттү калкалап калган жайы бар. Андан кийин талкаланып, азыркы бийликтин эпчилдери талап-тоноп кетер алдында Улуттук илимдер академиясын сактап калды эле. Бирок, өткөн жумада А.Эркебаев бул илимий мекемеден өз арызы менен кетүү тууралуу арызын жазыптыр. Көрсө, дале болсо көзү кызарган жогор жактагылар менен илим изилдөөнүн ордуна трайбализм, бири-бирин жамандоо менен алектенген жамаат жан үрөп иштеп аткан бул адамды да чарчатып, кетүүгө мажбур кылышыптыр.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити