Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 387

 

КСДП фракциясына Жогорку Кеңештин эларалык мамилелер боюнча комиети депутат Ирина Карамушкинанын Кыргызстан жана Россия депутаттарынын биргелешкен жыйынындагы билдирүүсүнө  баа берүү  кайрылуусун жолдогон.

 

Жыйын башталаар чакта залга кирген Карамушкинанын саламына бир депутат алик албады. Депутат: «Мени фракциядан чийип салдыңарбы?»-деп тамаша-чынга салды.

 

Бирок, фракция лидери Иса Өмүркулов кечээ пленардык жыйында Карамушкинанын маселеси талкууланганын жана депутат кечирим сураганын  эске салып, кайра кароодон баш тартты.

 

Депутат Рыскелди Момбеков маселени башка форматта кароого болоорун айтканы менен ал лидер тарабынан колдоого алынбады.